Каатчылыктар жана каргашалар мезгилинде КРнынжаңы бийлигине эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, демократияны өнүктүрүү, адам укугун коргоо үчүнсунуштамалар жана обзор.
Авг 30.2021Кыргызстанда "Тобокелдиктер жана каргашалар мезгилиндеги адам укуктары" чыгармачыл семинарынын жыйынтыктары
Каатчылыктар жана каргашалар мезгилинде КРнын жаңы бийлигине эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, демократияны өнүктүрүү, адам укугун коргоо үчүн сунуштамалар жана обзор.
2021-жылдын 23-августунан 27-августуна чейин «Бир Дүйнө Кыргызстан» УК тарабынан тобокелдик зоналарында жашаган жергиликтүү коомчулуктун, анын ичинде чек арада жайгашкан айылдардагы активисттердин, "Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары" темасында Фестиваль-2021 программасынын инновациялык компоненттерин даярдоо боюнча
эксперттердин, документалисттердин, адвокаттардын, журналисттердин катышуусунда чыгармачыл семинар уюштурулду. Пандемияны камтуу менен ички жана тышкы каатчылыктарды баалоо жана анализдөө үчүн катышуучулар социалдык, саясий, экономикалык чөйрөлөрдөгү маселелерди, алардын өлкөдөгү адам укуктарынын жүзөгө ашырылышына, жамааттардын турмушуна жана 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларында өтүүчү адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнө таасирлерин аныктоо үчүн PEST инструментин колдонушту.
Эксперттер Афганистандагы окуяларга байланышкан гуманитардык катастрофаны алдын алуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу үчүн Кыргызстандагы, ошондой эле, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагындагы жарандык коомчулук үчүн чөйрөнү баалоо жана анализдөө боюнча биргелешкен иштерди аткарышты. Өз презентацияларында катышуучулар КРнын Президенти С.Н.Жапаровдун регион аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча, ошондой эле, КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Аида Касымалиева башында турган аялдардын жаңы лидерлигин өнүктүрүү жана колдоо боюнча Курултайдын өткөрүлүшүн колдошту жана БУУнун АУ боюнча жогорку комиссар башкармалыгы, ЕККУ, UPR info, GNDR (тобокелдиктерди жана каргашаларды төмөндөтүү боюнча БӨУ Глобалдык Ассоциациясы) эл аралык уюмдары менен көр тараптуу кызматташтыктын өнөктөштүк тармактарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.[i]
Талкуулардын жыйынтыгында катышуучулар жаңы чакырыктарды белгилеп өтүштү:
Афганистандагы кырдаал: БА өлкөлөрүнүн бийликтери Афганистандагы кырдаалга байланыштуу гуманитардык катастрофаны азайтууга кандай көмөктөшөт, качкындарга жана курмандыктарга, айрыкча, укук коргоочу аялдарга жана алардын үй бүлөлөрүнө, активисттерге жардам көрсөтүү боюнча алардын пландары кандай?
Афганистандагы кырдаал бизден - кыргызстандыктардан адам укуктарынын жана эркиндиктеринин алдыга илгерилетүүгө жана коргоого мурдагыдан дагы көңүл бурууну, качкындардын, айрыкча, аял укук коргоочулардын укуктарын коргоо боюнча жагымдуу шарттарды камсыз кылууну, жамааттыктан глобалдыкка чейинки деңгээлдерде бийлик органдары менен өнөктөштүктү бекемдөөнү, басмырлоону жана зомбулуктун ар кандай формаларын жок кылуу менен өнүгүүнүн урматына позитивдүү реформаларды илгерилетүү жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эл аралык милдеттенмелердин негизинде бийликтин бардык деңгээлдеринде чечимдерди кабыл алуу процессинде жарандык катышууга тартууну, жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгү үчүн инклюзивдүү диалогдук формаларды түзүүнү талап кылат.
Качкындарга жана аял укук коргоочуларга жардам көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн семинардын катышуучулары "зыян кылба" принциби менен алдыңкы эксперттер Гульнара Шагинян айым, «Демократия Бүгүндүн» лидери, Армения, Юлия Харашвили айым, Грузия, Хайди Мейнзотт айым, Германия, ЕККУнун Шериктештиктин жарандык платформасынын алдындагы гендердик теңчилик боюнча жумушчу топтун координатору, Ипсита Sircar, GNDR координатору менен, КРнын Парламентинин Вице Спикери Аида Касымалиева айымдын жана БУУнун эл аралык агенттиктеринин катышуусунда гуманитардык жардам программаларынын тажрыйба алмашуусу боюнча онлайн талкуу өткөрүштү.
КР бийлиги үчүн катышуучулардын сунуштамалары: БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссар Башкармалыгы бардык мамлекеттерге жөнөткөн БУУнун КИЖУБнын документин так сактоо КРнын жаңы бийлиги үчүн маанилүү. Анткени, Афганистандагы кырдаал туруксуз жана аныкталбаган бойдон калууда, БУУ КИЖБУ бардык өлкөлөрдү Афганистандан чыгып кеткен жарандык жактарга алардын өлкөсүнө киргизүүгө жана бардык жагдайларда кайра кайтарып жиберүүгө жол бербөө принцибин сактоону камсыз кылууга чакырат. БУУ КИЖБУ баш калка издөө укугунун бузулбашы үчүн, чек араларды ачык кармоону жана эл аралык коргоого муктаж болгон адамдар потенциалдуу түрдө коркунучтуу болгондуктан өздөрү келип чыккан өлкөнүн аймагында калууга мажбур болбошу үчүн камсыз кылуу зарылдыгын белгилейт.
Буга байланыштуу мамлекеттердин милдеттенмелери, анын ичинде чыр-чатактан качуу менен, эл аралык чек араларды кесип өтүү менен кутулган жана качкындарды мажбурланган тартипте кайтарбоо боюнча жарандык жактардын жеткиликтүүлүгүн сактоо боюнча эл аралык кадыресе укуктарга ылайык милдеттенмелери бар экендигин эске тутуу
маанилүү. Кайра кайтарып жибербөө принциби ошондой эле, чек арада баш тартууга жол бербөөнү карайт. Эл аралык коргоого кайрылган Афганистан жарандарынын жана мурда бул өлкөнүн аймагында туруктуу жашагандардын бардык ходатайствосу (өтүнүчү) качкындарды коргоо жөнүндө эл аралык нормаларга жана регионалдык мыйзам ченемдерге ылайык адилет жана натыйжалуу процедуралардын алкагында каралышы керек.
Аны бул жактан издеп табууга болот:
https://www.refworld.org/cgi-bin/texis/vtx/rwmain/opendocpdf.pdf?docid=611f79484
Адам укуктары боюнча Кеңештин атайын сессиясында Жогорку комиссар ишенимди бекемдөө үчүн аялдардын, айрыкча, кыздардын коргоого жана билим алууга укуктарын коргоо боюнча инклюзивдүү диалог жана чаралар зарыл экендигин билдирди.
https://www.universal-rights.org/lac/blog-es-lac/report-of-the-31st-special-session-of-the-human-rights-council-on-the-serious-human-rights-concerns-and-situation-in-afghanistan/
Адам укуктары боюнча эл аралык Федерация чечим кабыл алуучу негизги жактарга Афганистандагы укук коргоочу аялдарды мүмкүн болушунча тезирээк эвакуация кылууга көмөктөшүүгө чакырды, "Аярлуу укук коргоочуларды коргоо - бул моралдык парыз. Алар бул адамдарды алып чыгууга жардам берүүлөрү керек" - Гиссу Джахангири, FIDН вице-президенти жана OPEN ASIA-Armanshahr аткаруучу директору. https://www.fidh.org/en/region/asia/afghanistan/fidh-in-action-for-afghanistan
Биз Афганистандан жетектөөчү эксперттердин, студенттердин катышуусунда Кыргызстандан баш калка издеген жактарга натыйжалуу колдоо көрсөтүүгө, консультация берүүгө жана укуктук колдоо кылууга күндүр-түндүр иштеген Ыкчам маалымат берүүчү линияны уюштурууга көмөкчү болууга даярбыз.
ЖКУдын ишмердүүлүгү үчүн жана КРда бийлик жана бизнес коомчулугу менен натыйжалуу шериктештикти өнүктүрүү үчүн ички чакырыктар жана тоскоолдуктар:
Келип чыккан жаңы тобокелдиктер жана каргашалар, анын ичинде, куралдуу чыр-чатактар, аскердик агрессия актылары, социалдык чыңалуулар, демографиялык жылыштар, учкул урбанизация жана миграциялык агымдар, ошондой эле, климаттын өзгөрүшү биздин дүйнөнү түп тамырынан өзгөртүүдө.
COVID-19 пандемиясы жарандык, социалдык, экономикалык жана маданий укуктар чөйрөсүндөгү айрыкча Кыргызстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатактардын, аялдар, балдар, майыптуулугу бар адамдар сыяктуу жергиликтүү коомчулуктагы аярлуу топторго карата зордук-зомбулуктун жогорку деңгээлде күчөшү менен көптөгөн ички маселелерди мурдагыдан дагы кыйла даражада ачып көрсөттү.
Башкы тобокелдиктер: радикалдуу фундаментализм, чек ара чыр-чатактары, климаттык коркунучтар. Тобокелдиктер жана каргашалар шарттарында аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Ошондой эле, чек ара аймагындагы айылдарда жылма миграциянын кыйла таасир тийгизиши, жер тилкелерин коррупциялык бөлүштүрүү, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо бүтө электиги белгиленди. Кардарлардын токтобогондугу маселеси, жергиликтүү жамааттардын бийлик органдары менен өз ара жетишсиз аракеттери маселеси.
ЖӨБ ролу жөнүндө: катышуучулар өзгөчө кырдаалдар боюнча иш аракеттердин пландарын жергиликтүү бийлик менен бекемдөө зарылдыгы жана маанилүүлүгүн жана жамааттыктан улуттук деңгээлдергк чейин коомдук коопсуздукту бекемдөө, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тышкы жардамдын ачыктыгынын зарылдыгын, КРда тобокелдиктерди, каргашаларды жана чыр-чатактарды алдын алуу боюнча башкы институттун, жамааттыктан глобалдык деңгээлге чейин чечимдерди кабыл алууда уюмдардын бирдей катышуусун жана жарандарын маалымат бирдей маалымат алуусун белгилешти.
КРнын ЖКнин ролу жана жаңы бийликтин демократиялык мыйзамдарды кабыл алуудагы ролу жөнүндө: Балдар жөнүндөгү кодекстин жаңы редакциясы - бул Балдар жөнүндөгү Конвенцияга ылайык балдардын эң мыкты кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүүгө жана балдардын укуктарын коргоого алууну жактоону тастыктаган өлкө үчүн чоң учур. Биз жаңы бийликтин балдарды комплекстүү коргоо үчүн кадамдарын колдойбуз жана балдарга карата зордук-зомбулукту жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүн алдын алуу жана коргоо боюнча бардык улуттук программаларды алдыга жылдырабыз.
Мындан тышкары, катышуучулар Кыргызстандагы тутумдуу, ошондой эле, келип чыккан жаңы тобокелдиктерди жана каргашаларды чечүү үчүн жаңы бийлик менен натыйжалуу өнөктөштүктү курууга тескери таасир этүүчү мыйзам долбоорлоруна жана соңку убактарда кабыл алынган мыйзамдарга токтолушту, катышуучулар чечимдерди кабыл алуучу негизги адамдар менен талкуулоого жана чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде бийликтин жана бизнестин өкүлдөрү менен бирге адам укуктарынын жана эркиндиктеринин жогорку принциптерин калыбына келтирүүгө көмөкчү болууга даяр экендиктерин билдиришти.
• БӨУ жөнүндө мыйзам.
• Фейктер жөнүндө мыйзам.
• Жаңы кылмыш мыйзам ченемдери: a.Саясий араздыкты козутуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу; b. Экстремизмди, терроризмди актоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу;
• Жаңы салык кодекси
• Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам, КРнын Кылмыш кодексинин 315/1 беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү - экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо үчүн жоопкерчилик;
• Кыргызстандын аялдар кыймылы 30% гендердик квотаны жүзөгө ашыруу механизмин сактап калууну талап кылат; https://kaktus.media/doc/444181_jenskoe_dvijenie_kyrgyzstana_trebyet_sohranit_mehanizm_realizacii_30_gendernoy_kvoty.html Биз аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү маселесине кайтышыбыз керек жана квотаны 50дөн 50%га мүмкүн болушунча тезирээк жогорулатышыбыз керек.
• КРнын күч түзүмдөрүн тезинен реформалоонун зарылдыгы жөнүндө, КРнын УКМК кыйноолорду иликтөө, кылмыштарды иликтөө сыяктуу ж.б. ыйгарым укуктарды башка органдарга берип, КРнын ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу өзүнүн функционалдык милдеттенмелери менен алектениши керек;
• КРда гендердик теңчиликти, тынчтыкты жана коопсуздукту илгерилетүү үчүн БУУнун ККнин 1325 резолюциясынын ролу жана маанилүүлүгү жөнүндө: катышуучулар ошондой эле, жаңы бийликтин өкүлдөрүнүн ЖКУнын өкүлдөрү, тобокелдик зоналарында жашаган жамааттардын лидерлери, режиссерлор, документалисттер, БУУнун ККнин 1325 резолюциясын илгерилетүү боюнча медиаэксперттер жана гендердик эксперттер менен өнөктөштүктү түзүү үчүн позитивдүү кадамдарын белгидеп өтүштү, 2021-жылдын апрель-майында Тажикстан тараптан аскердик агрессия учурунда натыйжалуу өнөктөштүктү жана БУУнун, ЕККУнун жана башка эл аралык милдеттенмелердин мүчөсү катары эл аралык милдеттенмелердин жана макулдашуулардын негизинде жарандардын саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын калыбына келтирүү үчүн зордук-зомбулуксуз жана басмырлоосуз өнүгүүнүн урматына өнөктөштүктү улантууну белгилешти.
• Бизнес жана адам укуктары: Катышуучулар КРнын бийлигин жана бизнес коомчулугун "Адам укуктары аспектисинде ишкердик ишмердүүлүгү жетектөөчү принциптерин: "укуктук коргоо каражаттары, коргоо жана сактоого" карата Башкы катчынын трансулуттук корпорацияларда жана башка ишканаларда адам укуктары жөнүндө маселелер боюнча атайын өкүлү тарабынан иштелип чыккан Бириккен Улуттар Уюмдарынын алкактарын жүзөгө ашырууга чакырат. Атайын докладчы Жетектөөчү принциптерди, ошондой эле, жетектөөчү принциптерге киришүүнү жана алардын мурдагы иштелип чыгуу процессине обзорду камтыган (А/НRC/17/31) адам укуктары боюнча Кеңештеги өзүнүн корутунду баяндамасына тиркеме катары кайра жөнөткөн. Адам укуктары боюнча Кеңеш 2011-жылдын 16-июнундагы 17/4 резолюциясында жетектөөчү принциптерди колдоого алган. https://www.ohchr.org/Documents/Publications/GuidingPrinciplesBusinessHR_ru.pdf
Баарыбыз бирге, Кыргызстандын өнүгүшүнүн урматына. “Тобокелдиктер жана каргашалар мезгилиндеги адам укуктары” чыгармачыл семинарынын катышуучулары.
www.birduino.kg
e mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com
2021-жылдын 27-августу.