Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, Элчи Терхи Хакалдын саламы
Дек 05.2021Айымдар жана мырзалар!
Сиздерге – адам укуктары жөнүндө даректүү тасмалардын Бишкекте өтүүчү 15-фестивалынын меймандарына жана катышуучуларына кайрылуу бүгүн мага абдан кубанычтуу болуп турат.
Бул фестиваль адам укуктарын ар кыл өңүттөн талкуулоого жана муну искусство жана көркөмдүк аркылуу көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Белгилүү немис-америкалык философу Ге́рберт Марку́зенин:
“Искусство дүйнөнү өзгөртө албайт, бирок, ал дүйнөнү өзгөртө алышы мүмкүн болгон эркектер менен аялдардын аң-сезимдерин жана каалоолорун өзгөртүүгө көмөкчү болот» - деп айтканы бар.
Фестивалда мына ушундай духта дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчтарынан келген даректүү тасмалар көрсөтүлөт.
Кинематографисттердин жана алардын каармандарынын көздөрү аркылуу биз ар кандай айырмачылыктарга карабастан, адамдар жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде бириге алыша тургандыгын көрөбүз.
Ошол эле убакта фестиваль дүйнөнү аярлуу топтордун – мигранттардын, балдар менен кыздардын, аялдардын, этникалык азчылыктардын көздөрү менен көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бирок, чыныгы искусство көп учурда бизге жоопторду эмес, суроолорду калтырат.
Андыктан, фестивалдын, ошондой эле, адамдарга адилеттүүлүк, натыйжалуу башкаруу, жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө, жарандык маданият жөнүндө талкууларга катышууга мүмкүнчүлүк бериши маанилүү.
Тилекке каршы, биз бул фестивалдын оор мезгилдерде өтүп жаткандыгын моюнга албай кое албайбыз.
Өткөн пандемия жылы көптөгөн маселелер пайда болду же тереңдеди.
Адам укуктарына COVID-19 кандай таасир эткендиги жөнүндө биз абдан жакшы кабардарбыз, бул буга чейин дүйнө жүзүндө болуп келген теңсиздиктин көптөгөн түрлөрүндө тереңдеп көрүндү.
Пандемияга жооп катары кабыл алынган расмий жана расмий эмес чаралар бардык өлкөлөр тарабынан таанылган адам укуктарынын Жалпы декларациясында бекитилген негизги укуктар менен баалуулуктарга жарака түшүрдү.
Ушундан улам Европалык биримдикке бардык – өкмөттүк жана өкмөттүк эмес шериктештери менен бирге биз бөлүшүп жаткан универсалдык баалуулуктарды илгерилетүү үчүн кызматташуу маанилүү.
2020-2024-жылдарга карата ЕБтин адам укуктары чөйрөсүндөгү иш-аракеттер планы Европалык биримдиктин аны ишенимдүү түрдө жактай тургандыгынын айкын көрүнүшү.
ЕБтин күн тартибинде гендердик теңчилик жана жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү мурдагыдай эле маанилүү орунду ээлейт.
Өзгөрүүдөгү бул дүйнөгө биз дагы ыңгайланышыбыз шарт. Биз үчүн бул эмнени түшүндүрөт:
- экономикалык, социалдык жана адам укуктары чөйрөсүндө ишмердүүлүктү активдештирүү,
- адам укуктарына жана бизнеске чоң басым жасоо,
- адам укуктары менен курчап турган чөйрөнүн ортосундагы байланышка көбүрөөк көңүл буруу,
- санариптик технологияларга артыкчылыктарды максималдаштыруу жана ага байланышкан тобокелдиктерди азайтуу, ошондой эле,
- укук коргоочулардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коргоо боюнча мындан аркы аракеттер.
Биз бир жагынан мыйзамдын үстөмдүгү менен адам укуктарын урматтоонун ортосундагы, экинчи жагынан, коомдун өнүгүшү менен туруктуулуктун ортосундагы конкреттүү өз ара байланышты көрүп турабыз.
Бул COVID-19 пандемиясы сыяктуу каатчылыктар тарабынан чакырылган ички жана тышкы кескин толкундоолорду, иштен чыгууларды жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүн өзүнө камтыйт.
Эске алынган көйгөйлөргө карап, айрымдар адам укугун сактоо идеясы жок болуп бараткандыгын айтышат. Бирок, мен адам укуктарынын үстөмдүк кылуучу баалуулуктарын жана маанилүүлүгүн ырастоо, айрыкча кыйынчылык мезгилдерде негиз болуучу мааниге ээ деп айтмакчымын.
Жана бул кайрылуунун адамдардын жүрөгүнө жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү ыкмаларынын бири – аларга искусство аркылуу сезип-туюуга мүмкүнчүлүк берүү.
Сөзүмдүн соңунда мен кыргыз элинин улуу жазуучуларынын бири Чынгыз Айтматовдун: «Искусствонун максаты - адамды «коркутууда» эмес, адамга өмүр алдындагы коркунучту жана үмүтсүздүктү жеңүүгө жардам берүү, анын жан дүйнөсүндөгү кандай гана форманы жана кебете-кешпирди кийип албасын, жамандыкка каршылык кыла ала турган улуу сезимдерди ойготуу болуп саналат» деген сөзүн келтиргим келет.
Бул фестиваль биз коронавирус пандемиясынан чыккандан кийин адам укуктары чөйрөсүндөгү өзөктүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн сиздерге үмүттүн көз алдындагы мейкиндиктерин ачууга жардам берет деп үмүт кылам.