Бир Дүйнө кинофестивалынын катышуучуларын Махназ Афхами, "Агартуу үчүн аялдар шериктештиги" уюмунун (WLP) президентинин видеокуттуктоосу
Дек 05.2021Ноябрь, 2021-ж.
Кушубак күнүңүздөр менен! Мен Махназ Афхами, "Агартуу үчүн аялдар шериктештиги" уюмунун (WLP) президентимин. "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун директору Толекан Исмаилова менен бирге Сиздерди "Бир Дүйнө Кыргызстан", адам укуктары боюнча жыл сайын өтүүчү даректүү тасмалардын эл аралык 15-фестивалынын өтүшү менен куттуктайм. Аталган фестиваль биздин ар кайсы өлкөлөрдөн жана ишмердүүлүгүбүздүн ар кайсы чөйрөлөрдөн экендигибизге карабастан, тажрыйбаларыбыздын жана күрөшүбүздүн универсалдуулугун көрсөтөт, бул жөнүндө экрандагы окуялар өздөрү айтып турушат. Үстүбүздөгү жылы ар кандай темалардагы, айталы, иммиграцияны, сот акыйкаттуулугуна жетүүнү, аялдардын жана кыздардын укуктарынын, ошондой эле, айлана-чөйрөнүн бузулушунун абалы сыяктуу темаларды камтуу менен дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 26 тасма көрсөтүлөт. Фестивалга жана биздин дүйнөнүн бир катар эң зарыл маселелерине тиешелүү маанилүү дискуссияларга катышуу үчүн миңдеген адамдар Бишкекке келишти. 2021-жылы дүйнө жүзү адам укуктарына дагы коопсуздук жаратуучу көптөгөн көйгөйлөргө туш келди. Вакциналардын бирдей эмес бөлүштүрүлүшү, дүйнөлүк лидерлердин климаттын өзгөрүшү менен жана Афганистанда "Талибан" кыймылынын козголушуна байланышуу чечкиндүү аракеттерди жасоого жөндөмсүздүгү - мунун баары адам укуктарын коргоо максатында биригишинин зарыл экендиги курч коюлду. Бул оор жылдары тасмалар биздин кайрылууларыбыздын, окуяларыбыз менен алмашуунун жана биздин ишибизге адамдарды тартуунун кубаттуу каражаты боло алат. Фестивалдын алкагында сиздер көргөн даректүү тасмалар биздин жамааттык аракеттердин күчү жана күрөшүбүздүн өз ара байланышын баса көрсөтөт.
Кинофестивалдай эле, WLPдагы биздин өнөктөштөрүбүз ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүн чагылдырышканы менен, бир жалпы мүдөөнүн үстүндө иштешет.
Бир Дүйнө ишмердүүлүгү WLPнын акыйкаттыкты, теңчиликти, тынчтыкты орнотууга жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле, күчтөрдүн өз ара катышын кайрадан өзгөртүү боюнча дал келет.
Фестивалдын иш чараларына катышуу менен сиз искусствонун күчү, окутууга, мотивацияга жана эргүүгө катышы жөнүндө ой жүгүртүп, ошондой эле, бул тасмаларды жаратуунун үстүндө иштеген сүрөткерлерге баа бересиздер. Биз жалпы максатыбызга биргелешип жетишүүдө биздин шериктештигибизди бекемдей алабыз.
Мен Бир Дүйнө Кыргызстанга жана жалпыбызга зор ийгиликтерди каалайм.