"Бир Дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы: “Кыргызтасмасы” МК МК ыйгарым укуктарын жогорулатып, тасмага прокаттык күбөлүк берүүдөн мыйзамсыз баш тарткан

Дек 21.2023

 

“Бир Дүйнө – Кыргызстан” КБ “Эч кимди артта калтырбоо” чакырыгы менен 27-ноябрдан 1-декабрга чейин “Бир Дүйнө-2023” адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XVII эл аралык фестивалын өткөрдү. Фестиваль БУУнун адам укуктары боюнча Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына жана Укук коргоочуларды коргоо жөнүндө БУУ Декларациясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына арналган.

 

Фестивалга мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү, өлкөнүн 7 регионунан келишкен өкүлдөр, эл аралык жана улуттук эксперттер, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, режиссерлор жана жарандык активисттер катышышты.

 

“Бир Дүйнө – Кыргызстан” КБ "Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө" Жобого[1] ылайык, 2023-жылдын 17-октябрында «Кыргызтасмасы» МК мамлекеттик мекемесине мамлекеттик күбөлүк алуу үчүн даректүү тасмалардын компакт дискке жазылган тизмесин тапшырган.

Мамлекеттик күбөлүк Жобонун 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө арналган аудивизуалдык чыгармаларда порнографиялык мүнөздөгү сценалар (эпизоддор) же бул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн чыгармачылыктын тыюу салынган башка түрлөрү жок болгон учурда берилет.

Жобонун 3-главасына ылайык, тийиштүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин, 2023-жылдын 14-ноябрында “Кыргызтасмасы” МК МК биздин уюм тарабынан көрсөтүлгөн даректүү тасмаларга, анын ичинде “Согуш мезгилиндеги жазуулар” (“Wartime notes”) тасмасына күбөлүк беришкен.

Анткени менен, 2023-жылдын 24-ноябрында жалпыга маалымдоо каражаттарында (интернет сайттар) аркылуу таралган маалыматтардан 30-ноябрга көрсөтүү мерчемделген Барбара Купистинин "Согуш мезгилиндеги жазуулар" тасмасынын күбөлүгү чакыртылып алынган имиш экендигин билдик[2]. Алардагы маалыматта “тасма экстремисттик багыттагы сценаларды камтый тургандыгы” айтылган[3].

Муну менен мамлекеттик мекеме коомчулукту дагы, биздин уюмду дагы адашууга алып келди, анткени, мыйзамга ылайык тийиштүү ведомство аралык юридикалык эксперттик корутунду жүргүзүлгөн жок. Ал эми тасмада экстремисттик багыттагы сценалардын болгондугу имиш жөнүндө таралган маалымат фактологиялык жана юридикалык жактан эч нерсеге негизделбейт. Буга байланыштуу фестиваль абройго шек келтирүү тобокелдигине учурады, жыйынтыгында жергиликтүү жана эл аралык уюмдар фестиваль менен кызматташуудан жана өнөктөш болуудан баш тартышты.

Буга байланыштуу биз тараптан “Кыргызтасмасы” МК МК мыйзамсыз аракеттерине КР маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография Департаментине арыз жолдонгон. 

Биздин даттануубузду кароонун жана кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында “Кыргызтасмасы” МК МК 2023-жылдын 13-ноябрында эле жогоруда көрсөтүлгөн тасмага прокаттык күбөлүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы аныкталды.  Муну менен “Кыргызтасмасы” МК МК өзүнүн ыйгарым укуктарын жогорулатып, аракеттеги мыйзамдарга, атап айтканда, "Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө" Жобого ылайык келбеген аракетти (тасмага прокаттык күбөлүк берүүдөн баш тартуу) жасаган.

Андан тышкары, КР Эмгек кодексинин 146, 147-беренелерине ылайык, кызматкерге тапшырылган эмгек милдеттери анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткарылганы же тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн “Кыргызтасмасы” МК МК жетекчилигине карата тартиптик жазалар – директорго “эскертүү”, Кино жана видеотасмалар прокаты бөлүмүнүн башчысына “сөгүш” жазалары колдонулган.

Ошол эле кезде белгилей кетсек, “Бир Дүйнө – Кыргызстан” КБ укук коргоо кыймылы” КР Конституциялык сотуна жана Бишкек шаарынын Административдик сотуна Кыргызстанда цензурага жол берүүчү айрым нормативдик-укуктук нормалардын бар экендигине байланыштуу кайрылуу жолдогон. Ошону менен бирге бул нормалар Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан, ошондой эле, Кыргыз Республикасы сактоо үчүн кабыл алган эл аралык келишимдер менен кепилденген адам эркиндиктерин чектейт жана укуктарын бузат.

Биринчи кезекте, Кыргызстандын аймагында бардык мүмкүн болгон аудиовизуалдык чыгармаларды жайылтуу үчүн аларды “Кыргызтасмасы” МК МКга берүүгө милдеттендирүү жөнүндө талап, тагыраак айтканда, жарандар тарабынан атайын экспертизадан өткөрүү жана мамлекеттик күбөлүктү алуу жөнүндө – тасманы көрсөтүүгө “расмий уруксат берүү” – бул түздөн түз цензура. Жана бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет, тактап айтканда, бул беренеде “Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт” деп жазылган.

Бардык суроолор боюнча Тимур Арыковго 0770341720 тел. номуру аркылуу кайрылыңыздар.

 

 



[1] КР Өкмөтүнүн 14-октябрь, 2016-жылдагы №551 токтому менен бекитилген

[2] https://24.kg/obschestvo/280562_kinofestival_bir_duyno_vkyirgyizstane_zapretili_pokaz_filma/

[3] https://kaktus.media/doc/491177_v_kyrgyzstane_zapretili_pokaz_filma_iz_programmy_festivalia_birdyyno.html

 

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы: “Кыргызтасмасы” МК МК ыйгарым укуктарын жогорулатып, тасмага прокаттык күбөлүк берүүдөн мыйзамсыз баш тарткан

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg