Азимжан Аскаровдун процесси
Мар 23.2020ПРЕСС –РЕЛИЗ
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы
2020-жылдын 30-мартында саат 14.00дө Бишкек шаардык район аралык сотунда (Ибраимов көч. 64, телефон: 0312 681390, 622731) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Азимжан Аскаровдун административдик доосун кароо боюнча баштапкы отурум болот.
Буга чейин, 2019-жылдын 23-ноябрында Азимжан Аскаров Өкмөт тарабынан БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылдын 31-мартында кабыл алган Мамлекет тарабынан Азимжан Аскаровдун укуктарынын: жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 7-беренесинин өз алдынча жана 2-берененин 3-пункту менен өз ара байланышта; 9-берененин 1-пунктунун; 10-берененин 1-пунктунун жана 14-берененин 3 (b) жана (e) пунктунун бузулушу жөнүндө чечимдери боюнча чаралар тууралуу маалымат берүүнү өтүнүп кайрылган.
Тактап айтканда, Комитет ага катаал кыйноолор колдонулуп, ырайымсыз жана анын ар-намысын тебелеген мамилелер жасалгандыгын аныктады. Ошондой эле, Мамлекет жогоруда белгиленген Пактта каралган келишимдик милдеттенмелерин бузуу менен, анын укуктарын жана эркиндиктерин сактабай, мамлекеттин укуктук системасында каралган жана мыйзам менен бекитилген натыйжалуу укуктук коргоо каражаттарын камсыз кылган эмес, мыйзам тарабынан бекитилген процедуралар бузулуп, эркинен ажыратылып, негизсиз камакка алынган жана камакта кармалган.
Эске салсак, бул иш боюнча Түшүндүрмөнүн (Соображения) 10-пункту менен Комитет катышуучу мамлекетти Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотуу боюнча тиешелүү чараларды кабыл алууга, келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтуруп, соттуулугун жокко чыгарууга милдеттендирген.
Ошентсе дагы, А. Аскаров Өкмөттөн бүгүнкү күнгө чейин өз арызына жооп ала элек.
Доо арызды негиздөөдө Азимжан Аскаров “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө таянган, анда Өкмөт Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык мыйзам тарабынан аныкталган тартипте камсыз кыла тургандыгы, жарандын укугун жана эркиндигин, мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашыра тургандыгы белгиленген.
Кыргызстан “Кыйноолорго жана башка катаал, ырайымсыз жана ар-намысын тебелеген мамиленин түрлөрүнө жана жазалоого каршы” Конвенцияга, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пактка, Пакттын Факультативдик протоколунун 1-беренесине кошулуу менен Комитеттин компетенциясын таанууга милдеттенген.
Азимжан Аскаров доо арызда эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Кыргыз Республикасы 1997-жылдын 5-июлундагы N 49 мыйзамы аркылуу кошулган (КР үчүн 1999-жылдын 10-июнунда күчүнө кирген) Вена конвенциясынын 26-беренесине (Рaсtа sunt servanda) ылайык, аракеттеги келишим анын катышуучуларына милдеттендирилгендигин жана алар тарабынан ак ниеттик менен аткарылышы керектигин белгилеген.
Конвенциянын 46 жана 27-беренелерине ылайык катышуучу келишимдин алар тарабынан аткарылбагандыгы үчүн актануу катары өзүнүн ички укуктарынын жоболоруна таяна албайт.
Тактап айтканда, Мамлекет анын келишимдеги милдеттенмелерге макулдугу анын ички укуктарынын тигил же бул жобосунун бузулушу көрсөтүлгөн жагдайга шылтап койгонго укугу жок.
Азимжан Аскаровдун административдик доосунда сот анын иши боюнча БУУнун адам укуктары боюнча Комитетинин 2016-жылдын 31-мартындагы Түшүндүрмөсүн (Соображения) аткарууну камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин жараксыз деп табууну таанууну өтүнөт.
Ошондой эле, сот Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн мыйзамда каралган тартипте Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык,
мунун ичинде:
- Кыргыз Республикасы N 46 1996-жылдын 26-июлунда кошулган “Кыйноолорго жана башка катаал, ырайымсыз жана ар-намысын тебелеген мамиленин түрлөрүнө жана жазалоого каршы” Конвенциянын;
- Кыргыз Республикасы КРнын Жогорку Кеңешинин № 1406-XII 1994-жылдын 12-январында кошулган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пакттын жана аталган Пактка Факультативдик протоколдун 1-беренесинин;
- Кыргыз Республикасы 1997-жылдын 5-июлунда N 49 мыйзам аркылуу кошулган эл аралык келишимдер укуктары жөнүндө Вена конвенциясынын (КР үчүн 1999-жылдын 10-июнунда күчүнө кирген) аткарылышын камсыз кылууну милдеттендирүүнү өтүнөт.
Процессте Азимжан Аскаровдун кызыкчылыгын: «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы» башкармалыгынын төрайымы Толекан Исмаилова, адвокаттар Валерьян Вахитов жана Хусанбай Салиев коргошот.
Бардык суроолор боюнча «Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылына: birduinokyrgyzstan@gmail.com электрондук дареги, Валерьян Вахитовго 0703407293, Аида Байжумановага 0550184095 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы