Азимжан Аскаровдун акыркы мүмкүнчүлүгү. Жогорку сот анын ишин карайт
Фев 20.2020Жогорку сот 2020-жылдын 25-февралында саат 14:30да 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин карайт. Аскаровдун кызыкчылыгын сотто «Бир Дүйнө — Кыргызстан» жана «Эркиндик үнү» коргойт.
Бул отурумда сот Аскаровдун эркиндикке чыгаары же чыкпасы тууралуу тагдырын биротоло чечиши керек болот.
Аскаров дээрлик 70 жашта — ал күчөтүлгөн тартиптеги эркиндиктен ажыратуу жайларында 10 жыл отурду. Эл аралык стандарттар адамдарды мындай артипте кармоону кыйноого жана адамдык беделди кемсинтүүгө теңешет.
Аскаровдун ден соолугу кескин начарлап, эски оорулары өөрчүп баратат. «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» укук коргоочуларынын Аскаровдун ал-жайын акыркы жолу сурап баруусу ал опурталдуу абалда экенин көрсөткөн.
Укук коргоо коомдоштугу өлкө бийлигинин адам укуктары жаатында өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерин аткаруусуна, андыктан Аскаровду 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал учурундагы ага карата жасалган гумансыз мамиленин жана кыйноолордун курмандыгы катары эркиндиктен ажыратуу жайларынан бошотууга даярдыгына үмүт артат.
Аскаровдун иши 2019-жылдын январында жаңы гумандуураак Кылмыш-Жаза кодекси күчүнө киргендиктен Жогорку сот тарабынаын каралып жатат.
Мурдараак Чүй облустук соту Аскаровго карата кылмыш ишти кайра кароодон баш тарткан, бирок «Бир Дүйнөнүн» жактоочусу Валерьян Вахитов бул чечимдин үстүнөн даттанган. Мындан кийин Жогорку сот Аскаровдун жактоочусунун даттануусун жарым-жартылай канааттандырып, укук коргоочунун өкүмүн өзгөрткөн. Ага тагылган айыптын эки беренеси өзгөрүп, бул беренелер боюнча жаза мөөнөтү 9 жылдан 7,5 жылга чейин кыскартылган. Калган бөлүмдөрү боюнча Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 31-мартында чыккан чечими бар. Анда бийликтин иликтөө жана сот териштирүүсү учурунда эл аралык мыйзамдарды бузганы айтылган. Факт жүзүндө Адам укуктары боюнча комитет Кыргызстандын бийлигинин Аскаровго кыйноо колдонуп, ага ырайымсыз жана адамгерчиликсиз мамиле кылып, адискөйлүк коргоо жеткиликсиз болгонун, жактоочулар сабалганын, ал эми сот териштирүүсү бейтарап болбогонун моюндаган.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарып, кун төлөп берүүгө чакырган.
Бирок комитеттин чечими бүгүнкү күнгө чейин аткарылган эмес. Ал учурда өлкө бийлиги Аскаровдун ишин болгону кайра кароого жөнөткөн. Бирок Чүй облустук соту, андан кийин Жогорку сот да Базар-коргон райсоту 2010-жылы сентябрда чыгарып берген биринчи чечимди күчүндө калтырган. Аскаров бүгүнкү күнгө чейин адилеттүү сотко ээ боло албай келет.
Контакттар: e mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com www.birduino.kg