2020-жылдын 13-май күнү саат 14:00дө КРнын Жогорку Сотунда абийир туткуну, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Чүй облустук сотунун 2017-жылдын 24-январындагы өкүмүнө карата кассациялык даттану

Май 13.2020

Жактоочу тарап жана Азимжан Аскаровдун өзү соттук коллегияга Адам укуктары боюнча Комитеттин 2016-жылдын 31-мартындагы түшүндүрмөлөрүн КРнын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын маанилүүлүгү жана ыкчамдыгы боюнча бардык аргументтерди келтирүүгө даяр. 

Кыйноолордун курмандыгы Азимжан Аскаровдун даттануусун кароо таржымалы дүйнө жүзүнө КРнын мурдагы бийлиги тарабынан адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүнүн четке кагылып келгендигин көрсөттү.

КРнын Конституциясынын 6-беренесинде эл аралык келишимдердин милдеттүүлүгү белгиленген, буга КРнын эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамынын 31-беренеси, КРнын Кылмыш Жаза жана Жазык-Аткаруу кодекстеринин 1-беренелери шайкеш келет.

Бул нормалардын негизинде, КРнын эл аралык келишимдери эл аралык укук нормаларына ылайык милдеттүү түрдө жана кынтыксыз сакталышы шарт.

Эл аралык Пакттын нормалары Кыргыз Республикасында  БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин практикасына жараша түшүндүрүлүшү жана колдонулушу зарыл. 

БУУнун комитети Пакттын нормаларынын сакталгандыгын же сакталбагандыгын аныктайт, ал эми катышуучу мамлекеттер өзүнө ыктыярдуу кабыл алган милдеттенмелердин алкагында Комитеттин түшүндүрмөлөрүн ак ниеттик менен аткарууга милдеттүү. Натыйжада, укуктук коргоонун натыйжалуу каражаттары укугу Пакттын 2-беренесинде каралып, катышуучу мамлекет Комитетке кайрылган авторлордун укуктарын калыбына келтирүү максатында, эгерде бул Комитеттин түшүндүрмөлөрүнөн келип чыккан болсо,  катышуучу мамлекет тарабынан ишти кайрадан кароону ак ниеттик менен камсыз кыла тургандыгын белгилейт.

Азимжан Аскаров тарабынан 2016-жылы жаңы кароого багытталган иш Адам укуктары боюнча комитеттин 2016-жылдын 31-мартындагы түздөн түз көрсөтмөсүнө карабастан,  адам укуктары боюнча жол берилген бузууларды түзөткөн эмес. Абийир туткуну  Азимжан Аскаров абактан бошотулган жок. Кыйноолорго тыюу салуу жөнүндө бузулган 7-берене ошол боюнча түзөтүлбөдү: БУУ органдары тарабынан иликтөө ырааттуу талап кылынгандыгына карабастан, кыйноо фактыларына натыйжалуу иликтөө жүргүзүлгөн жок.

Процесстин жүрүшүндө Азимжан Аскаров темир тордо кишенделип, колдоруна наручник салынып кармалды,  бул КРнын Конституциясынын 26-беренесинде каралган адамгерчиликсиз мамилеге тыюу салуунун жана айыпсыздык презумпциясынын түздөн-түз бузулушуна алып келет. Чүй облустук соту ишти  2010-жылдагы Базар-Коргон райондук соту караган алкакта караган. 

Жыйынтыгында натыйжалуу соттук коргоого Азимжан Аскаровдун бузулган укуктары Пакттын 2-беренесине ылайык калыбына келтирилген эмес.

Юристтердин эл аралык комиссиясы дагы ушундай эле пикирде, алардын белгилөөсүндө Чүй облустук сотунун процесси кыйноолордун курмандыгы Аскаровдун укуктарын калыбына келтирген жок.  Юридикалык корутундуга адам укуктары жаатындагы алдыңкы адистер кол коюшкан. Булар: сэр Николас Братца - көп жылдар бою сот болуп иштеген жана адам укуктары боюнча Европалык соттун төрагасы болгон, адам укуктары боюнча Европалык соттун төрагасы жана профессор Хуан Мендес - Кыргыз Республикасына келип кеткен, кыйноолор маселеси боюнча БУУнун мурдагы атайын баяндамачысы, ошондой эле, ЮАР апелляциялык Жогорку Сотунун судьясы, узак жылдар бою апартеидге каршы күрөшкөн  - Ажар Качалиа. Алардын биргелешкен пикири эл аралык коомчулукта жогорку кадыр-баркка ээ (караңыз. http://birduino.kg/pressaru/kyirgyizstan-dolzhen-vyipolnit-svoi-obyazatelstva-v-oblasti-prav-cheloveka-i-osvobodit-pravozashhitnika-azimzhana-askarova,-schitaet-ekspert-oon).

Эл аралык укуктук процедуралардын алкагында адам укуктары боюнча комитеттин Азимжан Аскаровдун иши боюнча түшүндүрмөлөрүнүн аткарылбаган учуру 2018-жылы расалык басмырлоону болтурбоо боюнча комитеттин корутунду эскертүүлөрүндө жана 2020-жылдын январындагы КРнын универсалдуу мезгилдик отчетунда дагы талашсыз ырасталган.  

КРнын Жазык-Аткаруу кодексинин 439-беренесинин 1-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык, Жогорку Сот эгерде Кылмыш Жаза кодексинин Жалпы бөлүмүнүн жобосу бузулса, өкүмдү четке кагууга жана кылмыш ишин токтотууга укуктуу. Анткени, КРнын Кылмыш Жаза кодексинин  1-беренеси эл аралык укукка шилтеме келтирип, анын бузулушу КРнын Жогорку Сотуна Азимжан Аскаровдун кассациялык даттануусун канааттандырууга мүмкүнчүлүк бере турганын көрсөтөт.

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы дүйнө жүзү боюнча өнөктөштөрдүн шериктештиги тармагы менен биргеликте өзгөчө муктаждыктагы камактагыларга, анын ичинде абийир туткуну, укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата акыйкаттык жана гумандуулук айрыкча, азыркы пандемия маалында өкүм сүрөт деген ишеничин билдирет, муну менен Кыргыз Республикасы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин фундаменталдуу, жалпы адамзаттык баалуулуктарын жактай тургандыгын тастыктайт.  

Байкоочу катары катышууну каалаган эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн, ошондой эле, журналисттерди аккредитациядан өткөрүү маселеси боюнча Жогорку Сотко кайрылыңыздар. Жогорку Соттун басма сөз кызматынын байланышуу дареги:  66 32 05, pressa@sot.kg.

 

Аскаровдун ишине байланыштуу бардык суроолор боюнча: +996 773 4г0 72 93 уюлдук телефону, e mail: birduinokyrgyzstan@gmail.com аркылуу кайрылсаңыздар.

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg