2020-жылдын 12-июнунда, саат 16:00дө Бишкек шаарынын административдик сотунда Азимжан Аскаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик доосун кароо боюнча кезектеги соттук отурум б
Июн 14.20202020-жылдын 12-июнунда, саат 16:00дө Бишкек шаарынын административдик сотунда Азимжан Аскаровдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө административдик доосун кароо боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү.
Өкмөттүн өкүлү сотко өзүнүн каршылыгын билдирип, талкуунун жүрүшүндө өкүл шилтеме келтирген КРнын Өкмөтүнүн алдындагы адам укуктары боюнча координациялык кеңештин Азимжан Аскаровго карата БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткаруусу боюнча эч кандай жумуш жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды. КРнын Өкмөтүнүн болгон иши Комитеттин Түшүндүрмөлөрүн алып, аны кайра сотко кайтарып, андан соң соттун чечимин алып, аны кайра Комитетке маалымдоо менен чектелген.
'КРнын Өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын негизинде эл аралык келишимдерди жана милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу дал ошол КРнын Өкмөтүнө жүктөлгөнүнө карабастан, Азимжан Аскаровдун бузулган укуктарын жана эркиндигин калыбына келтирүү боюнча эч кандай чаралар ишке ашырылган эмес.
Өкмөттүн өкүлү Азимжан Аскаровго карата БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткаруу боюнча алар тарабынан кабыл алынган чаралар жөнүндө сотко бир дагы далил келтире алган жок.
Сот актыларындагы карама-каршылыктар:
Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө судья Досмамбетова Ч.М. иш боюнча өндүрүштү токтотту. Мунун негиздемеси катары ал аталган иш административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жатпай тургандыгын белгиледи.
Ошол эле убакта судья Досмамбетова Ч.М. 2020-жылдын 21-февралындагы аныктамада административдик доонун кабыл алынышы жөнүндө доо Административдик-процесстик кодексинин 111, 112-беренелеринин талаптарын сактоо менен берилгендигин көрсөткөн. Тактап айтканда, судья Досмамбетова Административдик-процесстик кодекстин 112-беренесинин 1-б. 4-п. ылайык, доо административдик тартипте каралууга жатат деп эсептөө менен ишти өз өндүрүшүнө алган.
Аталган жагдай таң калууну жаратат, анткени, бир эле жагдай боюнча судья эки карама-каршы аныктаманы чыгарып жатат.
Ушуну менен биз - баарыбыз КРнын Өкмөтүнө жүктөлгөн Азимжан Аскаровго карата Адам укуктары боюнча БУУнун Комитетинин Түшүндүрмөлөрүн аткаруудан, атап айтканда, токтоосуз бошотуудан, компенсация чегерүүдөн, сот акыйкаттыгынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуудан соттордун кезектеги баш тартуусуна күбө болдук.
Жактоочу тарап аталган мыйзамсыз акты боюнча жогору турган инстанцияга даттанууга ниет кылат.
2020-жылдын 12-июнундагы процесстин катышуучулары боюнча маалымат:
Соттун курамы: судья Досмамбатова Ч.М., катчысы Назарбекова А.
КРнын Өкмөтү: Бараков Д., «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгү борборунун» эксперти.
КР Акыйкатчы Институту: Токтобек уулу Албан, «Эксперттик-укуктук бөлүмдүн» эксперти
А.Аскаровдун кызыкчылыгын: адвокаттар В.А.Вахитов, Х.Салиев, коомдук жактоочу Т.А.Исмаилова жакташты.
Бардык суроолор боюнча адвокат В. А.Вахитовго 0703 407 293 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.
«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы