Кыргызстандагы коронавирус: Балдар үйлөрүндө, интернат жана психоневрологиялык мекемелерде коргоочу каражат жетишсиз

Апр 19.2020

Кыргызстандагы коронавирустун пандемиясы шартында Чүй облусунда жайгашкан психоневрологиялык мекемелер менен балдар мектеп интернаттарында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму менен Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 13 жана 14-апрелде Чүй облусунда жайгашкан балдар үйлөрү менен балдар интернатына, чоң кишилер менен балдар үчүн психоневрологиялык мекемелерге барып, ал жактагы акыбалды көрүп кайтышты. Башкы максат — Кыргызстандыгы коронавирустун пандемиясы шартында аталган мекемелердин муктаждыктары кандай экенин аныктоо.

  • Чүй облусунун Дмитриевка айлындагы толук эмес мектеп интернаты

Баруу учурунда жабык экен. Күзөтчү бизди директор менен байланыштырып, ал мектеп 2020-жылдын 16-мартынан тарта карантинге жабылганын айтты. Карантин маалында жетекчилик мектепте окуп аткан 92 баланы үй-бүлөлөрүнө жөнөткөн.

  • Красная Речка айлындагы көмөкчү мектеп интернаты

Интернаттын директору Мадиярова Мээрим Кадыркулованын маалыматына ылайык, интернатта акыл эсинен бир аз артта калган жана жүрүм-турумдары өзгөрүп турган 7 жаштан 16 жашка чейинки 127 бала окуйт.

Карантин маалында мекемеде ата-энесинин камкордугусуз калган 39 бала жашайт. Балдар каникул тартибине өтүшкөн, сабактар интернат карантин убагына деп иштеп чыккан программа боюнча эртең мененки саат 10дон 11ге чейин окушат.

Бул интернаттын балдары майып болуп калышкандан кийин 25% жөлөкпул (1000 сом) алышат, акчалар мектепти бүткөнгө чейин алардын топтолмо эсебине түшүп турат. Директордун айтымына, интернатка караштуу тигүү жана жыгач устачылык цехи бар, ошондой эле айыл-чарба ишмердигине окутуу жүргүзүлөт. Ал бул мекемени үй-бүлөлүк балдар үйү форматына өткөрүү керек деп эсептейт.

Директордун айтымында, интернатта карантин шарты өтө жакшы сакталат, балдар чоочун адамдар менен карым-катнашка барышпайт. Бишкекте жана жакын арада жашаган тарбиячылар менен кызматкерлер жашаган жери боюнча карантинде. Карантин маалында интернатта жергиликтүү кызматкерлер гана иштеп жатышат.

Мониторингдин катышуучуларынын байкоолору: Кызматкерлер менен директор мониторинг жүргүзүүнү анчейин жактырбады.Директор мекеме Билим берүү министрлигине баш ийерин жана балдар үчүн альтернативдүү билим берүү методикасы менен ӨА маалында коопсуздук эрежелерин дал ушул маморган иштеп чыгышы керектигин түшүндүрдү.

Биз алыстан топтошуп алып мончодон келе жаткан беткапсыз кыздарды көрдүк. Врачтар менен персоналдын атайын кийимдер менен камсыз болуп-болбогону тууралуу сурообузга директор бардыгы беткапчан жүрүшөт деп жооп берди. Биз врачтар үчүн деп атайын халаттар салынган үч баштыкты, эки респиратор жана атайын көз айнектерди тапшырдык.

Муктаждыктар: Пайдаланууда бар камылгага карабастан, интернат тарбиялануучулар үчүн азык-түлүк, антисептик жана жууп-тазалагыч каражаттары түрүндө ар кандай жардамды кабыл алат. Балдарга мөмө жемиштер керек. Тигүү цехи жана кол өнөрчүлүгү үчүн кезедемелер, анын ичинде калдыктар, ар кандай фурнитуралар кабыл алынат.

  • Чүй олусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп интернаты, Жаңы-Жер айылы

Мекеменин директору Мусаева Назгүл Макашовна кызматына 2020-жылдын 16-мартында киришкен. Мектепте 6 жаштан 16 жашка чейинки 150 (56 бала жана 44 кыз) бала окуйт. 100 бала мектепте туруктуу жашайт, 50 бала жакын арадагы айылдардан келип окуйт. Азык-түлүк жана башка керектүү каражаттар тендер боюнча сатылып алынган.

Окутуу кадимки тартипте өтөт, себеп дегенде балдар дайыма интернатта жашайт. Штатта 60 кызматкер эмгектенет, алардын ичинен 19у — мугалим, ал эми 9 адам — тарбиячы. Медтейлөөнү 2 медайым ишке ашырат, убактылуу педиатр жок.

Карантин башталгандан бери балдардын дене табы күнүнө эки жолу текшерилет. Интернаттын аймагы өз алдынча хлор менен тазаланып турат, мектептин бөлмөлөрүндө күнүнө эки жолу нымдуу тазалоо жүргүзүлөт. Ошондой эле интернаттын бардык айлана-чөйрөсүн ӨКМдин кызматкерлери санитардык тазалоодон өткөрүп кетишкен. Карантин башталганда администрация балдар үчүн антисептик каражаттарды өз алдынча жасап, беткаптарды тигип берген. Интернаттын ичинде балдардын чоочун адамдар менен карым-катнашка баруусуна жол берилбейт.

Мониторингдин катышуучуларынын байкоолору: Балдар интернаттын короосунда аралыкты сактабай беткапсыз топтошуп жүрүшөт.

Муктаждыктар: Антисептиктер, кызматкерлер үчүн атайын кийимдер, жууп-тазалагыч каражаттар. 

  • Военно-Антоновкадагы жетим балдар үйүн

Директор Масылов Аскар Сарыгулович жана улук тарбиячы Андраусова Галина Николаевна балдар үйүндө 101 бала жашап билим алаарын билдиришти. Балдарга сабак кадимкидей эле тартип менен эки нөөмөттө өтүлөт. Алардын дене табы күнүнө эки жолу текшерилет, ооругандар жок. Штатта педиатр, психолог жана эки медайым бар. Азык-түлүктөр тендер боюнча сатылып алынат, керектүү өлчөмдө азык-түлүк бар. Балдардын чоочун адамдар менен карым-катнашка баруусуна жол берилбейт. Сурамжылоо интернаттын аймагынан тышкары жүргүзүлдү.

Муктаждыктар: Беткап — 100 даана, ар кандай өлчөмдө антисептик.

  • Беловодсктогу атайын мектеп интернаты.
    Барган учурда мектеп жабык болду. Балдар карантинге байланыштуу үй-бүлөлөрүнө же камкорчуларына жөнөтүлгөн. Камкорчусу жок бир бала Бишкектеги реабилитациялык борборго которулган. Сабак онлайн өткөрүлүп жатат. Директор телефондон мекеме обсервация үчүн даярдалып калышы мүмкүндүгүн билдирди.
  • Беловодсктогу мектепке чейинки балдар үйү.
    Директор Горохова Анна Генадьевна мекеме 16-марттан бери карантинде экенин билдирди. Анда 37 бала жашайт, анын ичинде ВИЧ жуктурулган балдар да бар, алар үчүн атайын медициналык каражаттар келип турат. Балдар үйүндө врач жана эки медайым иштейт. ӨКМдин кызматкерлери эки жолу санитардык тазалоо жүргүзүп кетишкен. Азык-түлүк тендер аркылуу сатылып алынат. ПРООН бул балдар үйүнө ун берип жибергенин билдирди, ал эми жеке жактар мөмө-жемиштерди алып келип беришет. Балдардын чоочун адамдар менен карым-катнашка баруусуна жол берилбейт. Сурамжылоо интернаттын аймагынан тышкары жүргүзүлдү.

Муктаждыктар:

  • Кир жуучу айна — бир айга 48 кг;
  • Унитаз жана раковина тазалоочу каражаттар — бир айга 12 даана;
  • Ар кандай көлөмдө колкаптар;
  • Персонал үчүн коргоочу костюмдар.
  • Беловодсктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме. Директору Асанова Айзада Бакасовна. Мекемеде 4 жаштан 18 жашка чейинки 218 бала жашайт. Штатта 3 врач, 12 медайым, 200 кызматкер бар. Дары-дармектер, азык-түлүк жетиштүү көлөмдө сатылып алынган. Балдардын чоочун адамдар менен карым-катнашка баруусуна жол берилбейт. Сурамжылоо интернаттын аймагынан тышкары жүргүзүлдү. Бөлмөлөрдү кварцовкалоо жүргүзүлүп турат. Эгер карантин узарып кете турган болсо кызматкерлер мекеменин аймагында жашап, кошумча азык-түлүк керетелип калышы мүмкүн. Райондо COVID – 19га чалдыккан бейтап аныкталган, мекеме кошумча сактык чараларын көрөт.

Муктаждыктар:

  • Чоң/кичине балдар үчүн памперстер;
  • 100 литр антисептик;
  • 200 кг хлор;
  • 1000 беткап;
  • 1000 колкап;
  • Кир жуучу айна, самын.
  • Азык-түлүк, эгер персонал интернатта жашап кала турган болсо.
  • Токмоктун Искра айлындагы  №1 Психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси. Директор Бакыт Сатыбалдиевич мекмеде 18 жаштан жогору 267 эркек киши дарыланып жатканын кабарлады. Алардын ичинен 60 бейтап өзгөчө кароого муктаж төшөктөгү адамдар. Азык-түлүк тендер боюнча сатылып алынат. Медицина дары-дармектери квартал сайын сатылып алынат. Чакан өлчөмдө антисептик каражаттары бар, Министрлик тарабынан берилгендер түгөнгөн.

Муктаждыктар:

  • Хлор – 1 айга 10 кг;
  • Гипохлорит (45-65%) — 1 айга 40 кг;
  • Антисептик – 1 айга 50л;
  • 267 бейтап үчүн антибактериалдык самын;
  • Кир жуучу айна — 1 айга 100 кг;
  • 54 кызматкерге коргоочу костюм, беткап, бахила жана колкап;
  • 1-2 тонна ун;
  • Ар кандай төгүлмө дан азыктары, кумшекер.

 

  • Токмоктогу №2 Психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме. Биз барган учурда директор жолдо экен, бирок биз мекеменин муктаждыктары тууралуу онлайн сурамжылоо жүргүздүк. Мекемеде 200гө чукул бейтап бар, алардын ичинен төшөктө жаткан 64 адам памперске муктаж. Бейтаптар үчүн дары-дармектер абдан талап кылынат. Саламаттык сактоо министрлиги чакан өлчөмдө антисептик каражаттарын берген, бирок алар түгөнгөн.

Муктаждыктар: 

  • Ар кандай көлөмдө 3,4 өлчөмдөгү памперстер;
  • Антисептик — 5 литр;
  • Кол үчүн спрей — 10 даана;
  • Ар кандай көлөмдө хлор, санифор;
  • Беткап – 300 дааны;
  • Колкап – 300 даана;
  • Абдан керек болуп жаткан препараттар: азалептин, азалептол,  карбамазепин, сибазол, цикадол, аменазин.

Мониторингдин катышуучуларынын байкоолору: Бул кризистүү учурда системдүү жана натыйжалуу жардамсыз калган эң эле көзкаранды мекемелер. Мониторинг жүргүзүлүп аткан учурда аларга маморгандар тараптан жардам түшө элек болчу.

Коронавирустан коргонуу жана анын алдын алуу үчүн персоналды медициналык да, техникалык да каражаттар менен камсыздоо керек. Андан тышкары, бардык аярлуу жарандарды да бардык керектүү коргоочу каражаттар менен камсыздоо муктаждыгы бар.

Жыйынтык: Мониторинг мамлекеттик институттар жабык мекемелердеги аярлуу адамдарга, тагыраагы, жетим балдарга, психологиялык жактан көйгөйлөрү жана майыптыгы бар чоң адамдарга жана кичине балдарга натыйжалуу жардам берүү боюнча бирдиктүү иш-аракеттерди иштеп чыгыша электигин көрсөттү.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган мекемелерде коронавирустун алдын алуу боюнча бирдиктүү программаларды иштеп чыккан эмес, ал эми Билим берүү министрлиги альтернативдүү окуу программаларын жана аларды коштоо боюнча жакшы менеджмент берген эмес.

Мекемелердин бардыгындагы врачтар атайын костюм жана респираторлор менен камсыз болушкан эмес. Беткаптар жетишсиз, чоң кишилер жана кичине балдар мекемелердин аймагында аралыкты сактабай топ-топ болуп беткапсыз жүрүшөт.

Тармактык министрликтердин карантин жана андан кийинки убактарда балдардын мектеп интернаттары менен псиохоневрологиялык мекемелерди азык-түлүк жана коргоочу каражаттар менен камсыздоодо кошкон салымына баалоо жүргүзүү керек. Эгер карантин узарып кете турган болсо бул маморгандардын мектеп интернаттарында атайын окуу программаларын иштеп чыгууга мүмкүнчүлүктөрү бар же жогун түшүнүү керектелет.

Акыйкатчы институту менен «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун эксперттер тобу

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg