logo1

Өтүү убактысы: 2018-жылдын 12-17-ноябрында Бишкек шаарында жана 2018-жылдын ноябрынын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын региондорунда.

“Бир Дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы 2018-жылдын 12-17-ноябрында Бишкек шаарында жана 2018-жылдын ноябрынын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын региондорунда өтүүчү адам укуктары боюнча документалдык тасмалардын ХII  эл аралык фестивалына кабыл алуу башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.

Үстүбүздөгү жылы фестиваль БУУнун адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгынын алкагында«Адамдык ар-намыс үчүн!» темасына арналган.

1948-жылдын 10-декабрында Башкы Ассамблея бардык мүчө-мамлекеттер умтулууга тийиш болгон багыттоочу катары адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Бул документ ар бир адамга таандык жарандык, маданий, экономикалык, саясий жана социалдык укуктардын өз ара көз карандылыгын жар салат. «Жетимиш жылдан ашуун аралыкта бул маанилүү документ биздин дүйнөбүздө терең өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн шарттады. Анда баардык адамдардын ар-намысы жана теңдештиги жөнүндө камтылган. Ал баардык өкмөттөрдү ар бир адамга анын ажырагыс укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына кепилдик берүүсүн милдеттендирет. Жана бул документ адамдын баардык укуктарынын универсалдуулугун жарыялайт», - дейт БУУнун жетекчиси. Ал баса белгилегендей, адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык, биз кайда жашабайлы жана кандай жагдайларда болбойлу, коомдогу акыбалыбызга, жынысыбызга же сексуалдык ориентациябызга, расабызга, динибизге же ишенимдерибизге карабастан, биз баарыбыз теңдешпиз.

Адам укуктары боюнча документалдык тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өзгөрүүдөгү дүйнөдө Адамдын Укуктарынын жана Эркиндиктеринин өзөктүү темаларын көтөргөн кеңири горизонталдык катышуудагы Жарандык Платформа болуп саналат.

2017-жылы адам укуктары боюнча документалдык тасмалардын XI эл аралык фестивалы Туруктуу Өнүгүү Максаттарына арналган.

2018-жылы фестивалдын уюштуруу комитети Адам Укуктарынын жана Эркиндиктеринин фундаменталдуулугун, универсалдуулугун, Адамзаттык Ар-намысты урмат кылууну жар салган БУУнун адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдык мааракесине арнайт.

“Фест-2018дин” слоганы: «Today, we'll change tomorrow», «Бүгүн, Эртеңкиге иштейбиз!».

2018-жылдын 1-мартында “Бир Дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы БУУнун адам укуктарынын жалпы декларациясын окутуу боюнча Улуттук өнөктүктү жүргүзүүгө киришти. Аталган өнөктүктүн максаты – Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин алдыга жылдыруу үчүн коргоо инструменттерин жана билимдерди тереңдетүү. Дал ушул мааракелик жыл 2018-жылдагы Фестивалды Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүгө, туруктуу өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү стратегияларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу идеялар, көз караштар жана новатордук саамалыктар менен толуктоого өбөлгө түзөт.

Бүтүндөй адам укуктарын, аялдардын, балдардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, азчылыктардын, мигранттардын, качкындардын укуктарын чагылдырган тасмалар, мындан тышкары, Кыргызстандагы, ошондой эле, регионалдык жана эл аралык деңгээлдеги адам укуктары жаатындагы системалуу маселелерди чечүү боюнча инновациялык ыкмаларды чагылдырган тасмалар колдоо табат.

Арыздарды кабыл алуу убактысы – 2018-жылдын 25-апрелинен 25-майга чейин.

Документалдык тасманын узактыгы 60 мүнөттөн ашпоосу керек.

Катышуу үчүн www.birduino.kg сайтындагы «Фестиваль-2018» бөлүмүндө тиркелген форманы толтуруу зарыл. Баардык суроолор боюнча төмөндө көрсөтүлгөн контактылар аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.

www.birduino.kg

E-mail: Bu e-Posta adresi istenmeyen posta engelleyicileri tarafından korunuyor. Görüntülemek için JavaScript etkinleştirilmelidir.

Телефон номерлери: +996 312 383 330; +996 556 013 840

 “Фест-2018” уюштуруу комитети

 https://news.un.org/ru/story/2017/12/1319972