ЧҮЙ ОБЛУСУ ЖАНА БИШКЕК ШААРЫ БОЮНЧА УБАКТЫЛУУ ТЕРГӨӨ ИЗОЛЯТОРЛОРУН КЫДЫРУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Мар 31.2021

2020-жылдын 24-мартынан тарта Кыргызстандын бир катар облустарына   коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул кырдаалда айрыкча аярлуу, корголбогон топтордун абалы, балдар үйлөрүндөгү, психиатриялык жана жабык мекемелердеги абал  өзгөчө тынчсызданууну жаратты. 

Аталган мекемелерге жеткиликтүүлүктүн чектелишинде короновирус менен күрөшүүгө даярдыктын деңгээли, адам укуктарынын сакталышы, медициналык жардамга жана CV-19ду алдын алуу жөнүндө маалыматты алуу боюнча суроолор ачык бойдон калды, анткени, ал жактагы адамдар медициналык персоналдан, берилген кызмат көрсөтүүлөрдөн, жетекчиликтен жана мекеменин персоналынан түздөн түз көз каранды.  

Буга байланыштуу 2020-жылдын 22-сентябрынан 23-октябрына чейин КРнын Акыйкатчы Институту, КРнын Кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча улуттук борборунун  «Бир Дүйнө Кыргызстан» укуктук кыймылы менен кызматташтык жөнүндө макулдашуулардын алкагында Чүй облусунда 15 жолу превентивдик баруулар жүргүзүлдү. Декабрь айында 7 жолу баруулар болду.   

11-19-февраль күндөрү Чүй облусундагы жана  Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайларга превентивдик баруулардын кийинки этабы жүргүзүлдү.  

КР ККУБ  «Бир Дүйнө Кыргызстан» УК тарабынан тартылган тартылган эксперттер менен биргеликте ИИМнин алдындагы 12 мекемеге барышты. 

Убактылуу кармоочу жайларга баруулардын жүрүшүндө администрация, кызматкерлер, медперсонал, УКЖда кармалгандар жана карылар үйүндө жашагандар менен карантинге даярдыктын жүрүшү, короновирусту алдын алуу, медициналык жардам жана

медикаменттердин, жеке коргонуучу каражаттардын, дезинфекциялоочу каражаттардын CV19дун биринчи, экинчи, үчүнчү толкундарынын, аларда оорунун жайылуу масштабынын алдында жетиштүү болушуна тийиштүү сурамжылоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, коронавирус жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү, туугандар менен көрүшүүгө жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, адвокаттар менен жолугушууга укуктар, кыйноолордун колдонулушу жана катаал мамиле фактылары боюнча суроолор камтылды.  

 

Өткөрүлгөн иш-чаралар АКШ элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын чакан гранттар программасынын колдоосунда жүзөгө ашырылган “Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде келечек коркунучуна натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн мониторинг жүргүзүү, коргоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу аркылуу короновирустун кесепеттеринин таасиринин деңгээлин төмөндөтүүгө көмөкчү болуу” долбоорунун алкагында уюштурулган. Документте белгиленген пикирлер, корутундулар же сунуштамалар авторлордун көз карашын чагылдырат жана АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын кичи гранттар Программасынын көз карашын милдеттүү түрдө билдирбейт.

Негизги жыйынтыктар жана сунуштамалар

Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча ИИБ УКЖ.  

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын УКЖна превентивдик баруулар учурунда короновирустун таралышына байланыштуу кырдаал туруктуу катары бааланат, ошентсе да, кийинки учурларды белгилеп кетүү зарыл:

Коронавирустун жайылышы жана алдын алуу боюнча кырдаал:

1. УКЖдын көпчүлүгүндө администрация  кырдаалдын туруктуулугу жана короновирус илдетинин жана эки тараптуу пневмонияга чалдыгуу учурлары катталгандыгын билдиришти. Коронавирус жана эки тараптуу пневмония менен ооругандардын санынын көбү жана оор кырдаал Бишкек шаардык ИИБнын жана Сокулук РИИБнын УКЖда болгон, мекемелердин жетекчилигине жоопкерчилик тартууга жана абакка кармалгандар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө жетишүүгө туура келген; 

2. CОVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча чаралар. УКЖда коронавирустун жайылышын алдын алууда ИИБнын мекемелеринде Короновирусту алдын алуу боюнча алгоритм колдонулган, CV-19 менен күрөшүү боюнча ички буйрук иштелип чыккан. Сырттан баргандар азыркы учурга чейин ПЦР анализи болсо гана киргизилет, антсе дагы, мекемелердин көпчүлүгүндө адамдын дене табы өлчөнгөн эмес, адамдар колдорун  санитайзерлерден тазалашат. Кызматкерлер билдиргендей, имараттын ичин дезинфекциялоо айына бир жолу жүргүзүлөт, бирок, муну камактагылар дайыма эле ырастай беришкен жок. Абактагылардын бардыгы, адвокаттар ПЦР тести болгондо гана кабыл алынат, оорунун белгилери болгон учурларда камактагылардан обочолонтулат;  3. Коронавирус пандемиясы мезгилинде 2020-жылдын декабрына чейин УКЖда тергөөдө болгондор жана абактагылар үчүн короновирусту жана эки тараптуу пневмонияны дарылоо үчүн стационар уюштурулган эмес.

Оорунун жайылышынын туу чокусу  2020-жылдын ноябрь-декабрь айларына туура келди. Оорунун жогорку деңгээли 66 адамдан эки тараптуу пневмония, 11 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган Бишкек шаардык ИИБнын УКЖда катталды. Ошондой эле, Сокулук районунун УКЖна барган учурда абактагылардын бирөө мурда реанимацияда болгондугу, учурда кызыл зонада дарыланууда экендиги кабарланды;

Бишкек ШИИБнын жетекчилиги конвойду камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу башка стационарларга абактагылардын кабыл алынбашында, УКЖдын чакырыктарына тез жардам кызматын чакырганда келбегендигинде чоң кыйынчылыктарга кабылды. Акыбалы оор бейтаптарды Фучиктеги стационарга, инфекциялык ооруканага алып барып жатышты, бирок, дайыма баш тартуу болуп турду. Бишкек ШИИБнын УКЖна бир гана фельдшер УКЖда кармалгандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүүгө аргасыз болду.  Кошумча жардамды диагноздорду койгон, дарылоону дайындаган  мобилдик бригадалар көрсөттү. Короновирусту жана эки тараптуу пневмонияны дарылоо үчүн талап кылынган медикаменттерди негизинен туугандары беришти;

Бишкек ШИИБнын начальниги бир нече ай Шаардык саламаттык сактоо мекемесине жана Саламаттык сактоо министрлигине УКЖдын оорулуулары үчүн  стационар уюштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылып келген. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 11.12.20 гана  Бишкек ШИИБнын УКЖнын тергөөдө/абакта кармалган 43 адам дарыланган Республикалык наркология борборунда Кызыл зона ачуу жөнүндө Саламаттык сактоо министрлиги менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен буйругуна кол коюуларды жүргүзүүгө мүмкүн болду;

Баруулардын учурунда эки тараптуу пневмонияга чалдыккан камактагылардын бирөө Сокулук районунун ооруканасында КОВИД менен ооругандар үчүн кызыл зонада дарыланууда болгон. Барганга чейин ал реанимацияда жаткан, кийин жалпы палатага которулган. Врачтын дарылоону улантуу, толук кандуу тамактануу, жылуу жайда болуу зарылдыгы жөнүндө  сунуштамасына жана оор акыбалына карабастан, сот документтеринин жоктугуна байланыштуу аны камак жайда калтыруу жөнүндө бөгөт коюу чарасын чыгарган. Бөгөт коюу чарасын эки күндөн кийин үй камагына өзгөртүшкөн, бул учурда ооруканада кармап тура алышкан эмес жана ошондой эле, УКЖга дагы ден соолугуна байланыштуу кабыл ала алышкан эмес.   

Дээрлик бардык УКЖдын штатында, Бишкек шаардык ИИБнын УКЖнан башка медициналык кызматкердин штат бирдиги жок.  Бул мезгил аралыгында фельдшер бардык оорулуулар үчүн медициналык жардам көрсөткөн, анализдерди алган, иш убактысынан тышкары иштеген. 

Чүй облусу боюнча, Кемин жана Панфилоф районунун УКЖнан тышкары бардык УКЖда   2017-2018-ж.ж. Кыргызстанда Кызыл Жарым ай коомунун долбоору аркылуу медициналык персонал үчүн кабинеттер жабдылган. Ошондой эле, аталган долбоор аркылуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн УКЖга зарылдыгына жараша жана атайын түзүлгөн графикке ылайык 3-4 жолу келип туруучу врач менен фельдшердин эмгек маянасы каралган. Долбоор 2020жылдын аягында бүткөн жана УКЖда кабинеттер иштебейт.  Медициналык жардам өтө шашылыш учурларда тез медициналык жардам кызматын чакыруу аркылуу гана жүргүзүлөт.  

Бишкек ШИИБнын УКЖнын фельдшери УКЖда оорулууларга медициналык жардам көрсөтүп жатып, өзү эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, 45 күн аралыгында дарылоодон өткөн. Короновирус пандемиясы учурундагы иши үчүн кандайдыр бир төлөмдөр, кошумча акы, компенсация алган эмес.   

Ушул жагдайда  Ысык-Ата УКЖнын медкызматкери өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жеке коргонуучу каражаттарды өз бетинче табууга туура келгендигин, жеке коргонуучу каражаттардын жоктугу жөнүндө маалымдаган.

4. Тергөө абагындагыларды, УКЖдын кызматкерлерин УКЖда кармалгандардын ооруга чалдыккан учурундагы дары-дармектердин жетишсиздиги жөнүндө сурамжылоолордун жыйынтыгында, бекитилген тизмеге ылайык, короновирусту дарылоо үчүн  медикаменттер туугандары тарабынан берилген;

5. ЖАМКнын ички буйругу КОВИД менен күрөшүүнүн принциптерин кыйроого учуратты, камакта кармалган жактардын гана эмес, борбордук УКЖнын кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн жол берилгис тоскоолдуктарды, ден соолук жана өмүр үчүн тобокелдиктерди жаратты. Дээрлик бардык УКЖдын кызматкерлери, КРӨ алдындагы ЖАМКнын №21 мекемеси тергөө абагындагы жарандарды эгерде, алардын тести терс болуп чыкса дагы, кабыл алуудан баш тартышарын, буга байланыштуу УКЖда, Бишкек ШИИБнын УКЖда адамдардын саны жаңы жылдан кийинки мезгилде 100дөн ашуун адамга чейин көбөйгөндүгүн, дайыма адамдардын санынын көп болгондугу көйгөйү менен каиатка кармоонун мөөнөтү бузулуп жаткандыгына туш болушкандыгын билдиришти;

Бишкек шаардык ИИБнын УКЖндагы негизги себеп жана кооптонуу дал ошол адамдардын толуп калгандыгынан байланыштуу, негизинен 68 орунга лимит коюлса, УКЖда кармалган адамдардын саны аныкталган учурларда 100 адамга чейин жеткен.  Бишкек ш. 4 ИИБнан, МКБ, Фнполициядан кармалгандардын бардыгы Бишкек ШИИБнын УКЖна киргизилет. Администрация УКЖда кармалгандарды УКЖда 24 күн аралыгында кармоо талабын алып салуу зарылдыгы жөнүндө, аталган мөөнөттү 7 күнгө чейин кыскартууну, анткени, УКЖга кармалгандардын бардыгы ПЦР тесттен өткөрүлө тургандыгын, бул 14 күндөн кийин кайрадан кайталанып, СИЗОго киргизилгенде кайрадан тестирлөөдөн өткөрүлүп, карантинге алынат. 

6. Убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына - СИЗОго жана кайрадан СИЗОго которууда ар жолу флюорографиядан өтүү талап кылынгандыгына байланыштуу, бир эле адам бир айда  рентгенден 3-4 жолу өтүшү мүмкүн.  Ысык-Ата УКЖда сурамжылангандардын бирөө акыркы эки ай ичинде үч жолу  флюорография тапшыргандыгын, 1-СИЗОдо кош бойлуу жаш келин дагы бир нече жолу флюорографиядан өткөндүгүн кабарлады. 

7. УКЖдын дээрлик бардыгында кызматкерлер  коронавирус жана эки тараптуу пневмония менен ооруган учурлар катталганСурамжылоо көрсөткөндөй, дарылоону өздөрү акча төлөп  жүргүзүүгө жана медикаменттерди сатып алууга  муктаж болушкан. Бир  катар УКЖда 40 -50 % кызматкерлер ооруга чалдыгышкан. Дарылоо ИИМнин бейтапканасында, райондук ооруканаларда жүргүзүлгөн,  медикаменттерди өз алдынча сатып алышкан. Бишкек ШИИБнын жападан жалгыз фельдшери дагы ооруга чалдыгып, эч кандай компенсация алган эмес.

8. Коронавирустун үчүнчү толкунун учурунда бардык УКЖга жеке коргонуучу каражаттардан жана оорунун таралышын алдын алуу үчүн кошумча колдоо талап кылынат. Карантин маалында керектүү ЖКК жана дезинфекциялоочу каражаттар бар экендиги жөнүндө маалымат берилгендигине карабастан, пост карантиндик мезгилде кармалгандар үчүн дагы, УКЖдын кызматкерлери үчүн дагы кошумча камсыздоо зарылдыгы жөнүндө кабарланды;

9. Бардык УКЖда ага келип түшкөндөр үчүн дагы, мекемелердин кызматкерлери үчүн дагы ПЦР анализден өтүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган. Ошентсе дагы, КРӨ ККУБ кызматкерлеринин, тартылган эксперттердин, Акыйкатчы институтунун, адвокаттардын ПЦР тестти тапшыруу талабы - жабык жайлардагы укук коргоочулардын, адам укуктары боюнча мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө ооруга  жол бербөө үчүн рычагдарынын бири болуп саналат, бирок, ошол эле убакта Чүй облустук жана Бишкек шаардык ИИБнын кызматкерлери өздөрү ПЦРди короновируска күмөн жасалган учурда гана тапшырышат.  

10. CV-19 жөнүндө маалымат берүү. ИИБнын УКЖда   короновирус менен күрөшүү боюнча маалыматтык баракчалар жайгаштырылган, ошентсе дагы, камералрдын ичтеринен жана сейилдөөчү короолордо маалыматтар жок. Бир катар УКЖда   администрация КОВИД жөнүндө райондук ооруканалардын, санэпидстанциянын медкызматкерлери тарабынан маалымат берилгендиги тууралуу кабарлашты. Айрым УКЖдын кароосундагылар, кармалгандар   коронавирус жана аны алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө оозеки маалыматтарды УКЖдын кызматкерлеринен алышкандыгын билдиришти.  

Кыйноолор, катаал мамилелер:

11. Дээрлик бардык УКЖда тергөө абагындагыларды кармоо шарттарын кыйноолорго жана катаал мамилеге, ал эми айрым учурларда кыйноолорго теңдештирсе болот: акыркы 10 жылдан бери оңдоп-түзөө жүргүзүлгөн эмес, суу түтүктөрү жок, сууга жеткиликтүү эмес, душ кабиналарынын иштебейт,   матрацтардын жана одеялдардын эскилиги жеткен, шейшептер, жууркан-төшөнчүлөрү жок. Панфилов, Москва райондорунун УКЖда жуунуучу кышкы  душтар жок, Жайыл,  Сокулук  райондорунда  душтары иштебейт, Токмакто суусу начар чыгат, жайкы мезгилде таптакыр жок. Кармоо шарттарына даттануулардын көпчүлүгү жуунууга мүмкүнчүлүктүн жоктугу боюнча болду,  Панфилов районунда тамактануунун сапаты жана нормасы белгиленди.  Ысык-Ата РИИБда гана бардык сурамжыланган жактар кезек менен душка кирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, ага кошумча душтун тазалыгы жана дайыма дезинфекцияланып тургандыгы жөнүндө кабарлашты. Мындан тышкары, бир катар УКЖда одеялдардын жетишсиздигине, камералардагы температуранын төмөн экендигине даттануулар болду.  

Бишкек ШИИБнын УКЖда баруу учурунда пробациялык жазалоонун шарттарын бузган жаш келинди - 7 айлык баланын энесин күнүнө эки жолу эмизүү үчүн алып келип турушкан. 

УКЖда кармоодогу кан басымы жогорулап, дене табы көтөрүлгөн Түштүк Кореянын жаранына ага жазылып берилген дары-дармектердин аталыштарын жана аннотацияларын корей тилинде алуусуна мүмкүнчүлүк берилген эмес. Франциянын улгайган жараны ресторатор, шаардагы премуим ресторандардын биринин кожоюну алдамчылык боюнча айыпталып, Бишкек шаардык УКЖда экинчи ай бою отурган. Мындан тышкары, Түркиянын жараны ж.б. менен аңгемелешүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, алардын котормочунун кызматын пайдалануунун, элчилик менен байланыштын жеткиликтүүлүгү, камактагы башка адамдарга карата жүргүзүлгөндөй эле базалык муктаждыктар жабылабы деген суроо мааниге ээ. 

12. Тамактануунун нормасын жогорулатуу зарыл. 3 маал тамак берүү уюшулган Бишкек ШИИБнын УКЖнан жана эки маал тамак берүү каралган Кемин райондук УКЖнан тышкары Убактылуу кармоочу бардык изоляторлордо суткасына бир маал гана тамак берилет. Буга байланыштуу мыйзамдык актыларга жетишерлик (үч маал) тамактанууну бекиткен мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, тамактануунун нормасынын жетиштүүлүгү жөнүндө маселени көтөрүү зарыл. 

Кыргыз Республикасынын «Кылмыш кылууга шектүүлүк жана айыптоо боюнча кармалган жактарды камакта кармоонун шарттары жана тартиби жөнүндө" мыйзамынын 22-беренесине  жана  4.32-п. убактылуу кармоочу изоляторлордун ички тартибинин эрежелерине ылайык, шектелүүчүлөр жана айыпталуучулар саламаттыктын жана күчтүн сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган нормалар боюнча акысыз тамактануу менен камсыздалышат. 

Тергөө абагындагылардын сырттан передачаларды алууга мүмкүнчүлүктөрү болгонуна карабастан, кармалгандардын баарысынын эле туугандары жардам бере алышпайт.  Панфилов райондук ИИБнын УКЖда тергөө абагындагылардан эки адам бир күндө жарым бөлкө нан жана диеталык тамак берилгендигин айтып, даттанышты. УКЖдын кызматкерлери өздөрү тамактануунун сапатын жана нормасын жогорулатуу зарылдыгын билдиришти. Пластик идиштерди дайыма алып туруу муктаждыгы бар.  

13. Пробация органдарынын ишине жана  анын кызматтык жактарынын бардык талап кылынган функционалдык милдеттенмелеринин аткарылышына, пробациялык көзөмөлдүн алдында турган жактар менен реалдуу иш жүргүзүү зарылдыгына көңүл буруу кажет.  Асыресе Токмок ш. УКЖна пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузган жаш жигит  юридикалык жардам сурап кайрылган. Камактагы адамдын айтканына караганда,  пробациянын өкүлү өз мезгилинде иш жүргүзгөн эмес, бир жолу анын үйүнө барып, жаш жигиттин жок экендиги жөнүндө протокол түзүп, өкүмдө каралган жазаны берүү жөнүндө   ходатайство жөнөткөн.   

Камераларды кароонун жүрүшүндө иши тергөөгө алынган аялдардын арасында жаш келин болгон, анын үйүндө атасы карап калган жети айлык баласы бар экендигин, аны күн сайын эмчек эмизгенге алып келе тургандыгын маалымдаган. Ал белгилегендей, пробация органдары анын чектөө чарасын алардын кызматкери менен жалпы тил табыша албагандыгына байланыштуу өзгөртүү жөнүндө ходатайство беришкен. Арыз жазуудан кыз баш тарткан, буга байланыштуу анын адвокаты тез аранын ичинде маселени чечүүгө убада кылган.  

 

СУНУШТАМАЛАР

Өкмөткө, Министирликтерге жана мекемелерге. 

КОВИД менен күрөшүү, саламаттыкка жана медициналык жардамга укуктарды камсыздоо: 

1. Коронавирус пандемиясынын маалында УКЖда иштегендиги үчүн медкызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жана сыйлыктарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;

2. Жумуш убагында (жумуш ордунда) короновирус илдети жана эки тараптуу пневмония менен ооруган УКЖдын кызматкерлери үчүн компенсацияларды төлөп берүүнү камсыз кылуу, аларды медикаменттер менен акысыз камсыздоо;

3. Убактылуу кармоочу изоляторлордо КОВИД илдетинин таралуусу катталган учурда реакция кылуу боюнча конкреттүү деталдуу пландардын бар экендигине көзөмөл жүргүзүү жана алардын түзүлүшүн камсыздоо;

4. ИИМ, КР  Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан УКЖда короновирусту алдын алуу жана дарылоо үчүн жетишерлик сандагы медикаменттерге, жеке коргонуу каражаттарына жана дезинфекциялоочу каражаттарга муктаждыкка анализ жүргүзүү жана камсыз кылуу;

6. Кармалгандардын зарылдыгына жараша сапаттуу жана өз маалындагы медициналык тейлөөгө жана аныкталган адистиктеги врачка токтоосуз жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу;

6. Бардык УКЖга медициналык персоналдын штатын киргизүү; 7. Убактылуу кармоочу изоляторлордо санитардык нормалардын сакталышына эгерде кызматтык жактар тарабынан алардын бузулуусунда айыптууларды жоопкерчиликке тартуу менен көзөмөлдү күчөтүү;

8. Аталган мекемелерде коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында КРнын мыйзамдарына ылайык, ЖАМК тергөө абагындагылардын кармалышы жөнүндө талаптарды кайрадан карап чыгуусу; 

9. Ооруп айыккан персоналдын жана УКЖда кармалган жактардын толук эсебин жүргүзүү.

Тергөө абагындагылардын укуктарын коргоо боюнча сунуштамалар

1. Кыргыз Республикасы  кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана БУУнун алдындагы комитет сыяктуу эл аралык уюмдардын сунуштамаларын - абактагылардын жана башка камакта кармалгандардын санын бул чара коопсуз болуп саналган убакта мөөнөтүнөн мурда, алдын ала же убактылуу бошотуу жолу менен кыскартуу боюнча тиешелүү Конвенциянын бир катар сунуштамаларын кабыл алган мүчө мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан кабыл алуусу керек;

2. Камактагылардын укуктарын, анын ичинде кыйноолордон жана катаал мамиледен эркин болуу укуктарын кыйшаюусуз сактоо;

3. Убактылуу кармоочу изоляторлордо тергөө абактарындагы жактардын мыйзамсыз  кармалышын жана кармоо мөөнөтүн бузуу практикасын болтурбоо;

4. УКЖга киргизүүдө милдеттүү медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү жөнүндө процессуалдык талаптардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү;

5. Өзгөчө муктаждыктагы соттолгондорго мамиле кылуу, принциптерге ылайык алардын жабык мекемелерден бошотулушу боюнча Н.Манделанын принциптерин аткаруу; 

6. ИИБнын УКЖнын кармоо шарттарын, алардын медициналык-санитардык талаптар боюнча кыйшаюусуз аткарылышын сактоо менен жакшыртуу боюнча каражаттарды издөө;

7. УКЖдагылар үчүн жетиштүү (үч маал) тамактанууну бекиткен мыйзамдык актыларга кошумчаларды жана толуктоолорду киргизүү жана УКЖга жайгаштырылган жактардын базалык муктаждыктарын жабуу;

8. ИИБнын УКЖда кармалган жактардын укуктарынын сакталашын камсыздоо, асыресе, УКЖдын бардык камераларында кармалгандардын, шектелгендердин укуктары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле, алар арыз, сунуш же даттануу менен кайрылууга мүмкүн болгон жактардын жана мекемелердин байланышуу маалыматтарын камтыган маалыматтык стенддерди илүү менен камсыз кылуу;

9. Пробация жана медиация жөнүндө мыйзамдарды жүзөгө ашыруу, ден соолугуна жана карылыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдардын активдүү жана натыйжалуу жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүү.

10. Тергөө абагындагылар үчүн УКЖдан СИЗОго көп жолу которууларда жана кайрадан бир нече ай бою кайтарууда негизсиз флюорографиядан өтүүнү дайындоого тыюу салуу.

11. Мыйзам тарабынан белгиленген процедураларга ылайык кармалган жактардын адвокатка жеткиликтүү болуудагы укуктарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү. 12. Адамдын кармалышы жөнүндө туугандарына же үчүнчү жактарга  анын кайсы жакта экендиги жөнүндө маалыматты берүү менен кабарлоонун өз мезгилинде жүргүзүлүшүнө жана процедурасына көзөмөлдү күчөтүү.

13. Кармалган адамдын көзөмөлдөнгөн телефон чалуусуна болгон укугун камсыздоо. 14. Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызматкерлери тарабынан кыйноолорду колдонуу практикасын болтурбоо максатында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээлин жана адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндө билимдердин ар убакта жогорулатуу. 

15. Жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү кызматтар тарабынан жарыяланган ички иштер кызматкерлери тарабынан кыйноолор жана катаал мамиле жөнүндө билдирүүлөр боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыктары менен туруктуу негизде камсыз кылуу. 16. Кыргыз Республикасынын ИИБнын УКЖда, ИИБда кармалган жактардын өлүмүнүн учуру боюнча, өлүмдүн болжолдуу себебинен көз карандысыз түрдө токтоосуз Улуттук Борборго маалымат берип туруу.

 

 

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg