Тарых

«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси 1998-жылдын декабрь айында «Демократия жана жарандык коом үчүн» биринчи коалициясы жана 1996-жылы Кыргыз Республикасындагы бейөкмөт уюмдар форуму түзүлгөндөн кийин, 2000-жылдын май айында негизделген «Жарандар коррупцияга каршы» (ЖКК) коомдук бирикмесинин укук иштеринин улантуучусу болуп саналат (КР ЖКУ өнүгүү ийгиликтеринин тарыхынан караңыз).

“Бир Дүйнө - Кыргызстан” Кыргызстандагы адам укуктарын баалоого талдоо жана мониторинг жүргүзүү инструменттерин пайдалануу менен жарандык, саясий, маданий, экономикалык укуктарды жана башка коомдук саясий максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн. Адам укуктарынын абалына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуу системасын түзүү максатына жетишүү үчүн БДК Кыргыз Республикасындагы улуттук укук коргоо институттарын бекемдөө менен КРнын эл аралык милдеттенмелерин илгерилетүү жана конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди коргоону жүзөгө ашырып, аялдарды, жаштарды жана жарандардын маргинал топторун горизанталдык лидерлик аркылуу катышууга тартат.

«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмесинин миссиясы ассоциация эркиндигине өзгөчө көңүл буруу менен адам укугун коргоо, маданият жана искусство аркылуу Кыргызстандагы укук коргоочулар үчүн саясий мейкиндикти сактоо болуп саналат.


БДКнын негизги максаты - 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча конференциясынын (ЕККУ) Хельсинки Корутунду актысынын гуманитардык беренелеринин жана жүзөгө ашыруу үчүн иштелип чыккан башка эл аралык укуктук документтердин, мындан тышкары, адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жаатындагы башка милдеттенмелеринин практикалык аткарылышына көмөк көрсөтүү.

БДК төмөнкүдөй аярлуу топтордун укуктарын коргоо боюнча иш алып барат:

• Аялдар жана жаштар, эмгек мигранттары;

• Аялдар жана балдар арасында жыныстык зордук-зомбулуктун курмандыктары;

• Мыйзам менен чыр-чатактагы балдар;

• Улуттук азчылыктар жана алардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүгү;

• Кыйноолордун жана катаал мамилелердин курмандыктары, ошондой эле, экстремизмге айыпталгандар.

• Искусство аркылуу адам укугу: 2007-жылдан бери «Бир дүйнө - Кыргызстан» (One World) адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын атайын эл аралык фестивалы;

• Аялдар жана балдар үчүн атайын View from the Frontline жаңы методологиясынын жардамы менен стихиялуу кырсыктарды жана тобокелдиктерди алдын алуу («Климаттын өзгөрүшү жана гендердик адилеттүүлүк»)

Биз укук коргоочулардын укуктарын коргойбуз жана 2010-жылдан бери этникалык өзбек, 2010-жылдын июнь айынан бери өмүр бою абак жазасын өтөөгө өкүм кылынган укук коргоочу Азимжан Аскаровду коргоо боюнча (Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык жактан курмандыкка кабылгандар үчүн өткөөл мезгилдеги сот акыйкаттыгын сактоо принциптерин талап кылуу менен) иш алып баруудабыз.

БДК аялдардын лидерлиги жана саясий катышуусу боюнча тренингдерди өткөрүп, WLP (Women’s Learning Partnership) өнөктөштүк тармагы менен кызматташуусун улантууда.

БДК 2018-жылдан бери Кыргызстандагы VFL (Майдандан көрүнүш) программасын ишке ашырууда.

Уюм «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» өнөктөштөрүнүн кенири жайылган тармагына ээ, бул курамга Кыргызстандын бардык аймактарынан активисттер жана эксперттер, бейөкмөт уюмдары кирген, жаштарды, студенттерди, активисттерди камтыган ыктыярчылардын чоң тармагы бар.

БДК FIDH, «Азия форуму», «Жарандык тилектештик» платформасы, ОБСЕ, WLP жана GNDR регионунда аялдар жана гендердик реалийлер боюнча жумушчу топтун мүчөсү болуп эсептелет.

2019-жылдын 25-декабрында «Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси Жалпы Чогулушу (ассамблея) болуп өткөн.

Иш-чаранын алкагында:

1. 2019-жылга Бир Дүйнө командасынын ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчет кабыл алынып, бекитилген;

2. 2019-жылга 2020-жылдын 10-февралына чейинки Бир Дүйнөнүн финансылык анализи ревизиялык комиссиянын эскертүүлөрүн жана кошумчаларын эске алуу менен кабыл алынып, бекитилген;

3. Бир Дүйнө коммерциялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн «Бир Дүйнө» ЖЧКсын ачуу жөнүндө чечим кабыл алынган;

4. Курамына Диана Макембаева, Гульзар Дуйшенова, Жылдыз Абдыллаева кирген БДКнын ревизиялык комиссиясы кайра шайланган;

5. Бир Дүйнө Башкармалыгынын Мүчөлөрүнүн жаңы курамы бекитилген: Толекан Исмаилова – башкармалыктын төрайымы, Алмагуль Кыштобаева, Валерьян Вахитов;

6. Курамына Зарифьян Анэс Гургенович – төрагасы, Алла Пятибратова – «Бир Дүйнө – КР» УК КБнин басма сөз кызматынын жетекчиси, Муатар Хайдарова, Алмут Роховански кирген, мүчөлөрүнүн 3 жылдык ыйгарым укуктуулук мөөнөтүндө эксперттик кеңеш түзүлгөн;

7. Бир Дүйнө мүчөлөрүнүн Жалпы Чогулушунун 7 жаңы мүчөсү кабыл алынган;

8. Бир Дүйнө мүчөлөрүнүн Жалпы Чогулушунун 15 мүчөсү камтылган жаңы курамы бекитилген.

2020-жылы «Бир Дүйнө - Кыргызстан» УК уюмдун ыкчам керектөөлөрүнө мобилдик фондду түзүү үчүн сервистик бейөкмөт уюм катары айрыкча аярлуу топторго жүргүзүлгөн ишмердүүлүккө ко шерингди (со финансирование) отчёттуулукта көрсөтүү менен консультацияларды жана окутууларды жүргүзө баштайт.

 

 

Уюмдун жетишкендиктери жана өнүгүшү төмөнкүдөй негизги периоддордон турат:

2000-2003

aФергана өрөөнүндө айкындуулук жана коррупцияга каршы шериктештик тармагынын тогуз комитетин уюштурууга көмөктөшүү үчүн Чыгыш Европадагы Демократия институтунун колдоосунда 51 бейөкмөт уюмду жана 100 активистти бириктирген «Дүйнөнү өзгөрткөн адамдар» өнөктөштөр тармагынын түзүлүшү[2];

Борбордук Азиядагы укук коргоочулар фондунун түзүлүшү;

2004

КРнын Конституциялык сотунда Конституцияга каршы мыйзамдарды жана токтомдорду жокко чыгарууга алып келүүчү тынч митингдерге жана жыйындарга жарандардын укуктарын коргоо;
Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайынын айкындуулугу боюнча демилгелерди адаптациялоо процессин демилгелөө [3] жана тоо-кен өнөр жайынын айкындуулугу боюнча демилгелерди илгерилетүү боюнча Консорциумду түзүүгө көмөкчү болуу[4].

2005

«Жарандар коррупцияга каршы» коомдук бирикмесин «Бардыгы үчүн укук» юридикалык клиникасынын ачылышы менен «Жарандар коррупцияга каршы» укуктук борбору катары кайрадан каттоодон өткөрүү, бул кыйноолордун жана адилетсиздиктин курмандыктарына юридикалык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди;

«Атылган адамдар» аталышында журналист Азима Расулова ЖКК менен биргеликте андижандык качкындар, аялдар жана балдар жөнүндө даректүү тасма тартылды.

2006

Адвокат Сартбай Жайчибеков менен биргеликте ЖКК Аксы трагедиясынын курмандыктарына 12 450 000 сом акча каражаты эсебинде компенсацияларды төлөө боюнча соттук чечимдердин кабыл алынышына жетишишти;

ЖКК жергиликтүү укук коргоочу жана алтын өндүрүү компаниясынын күнөөсү менен авария болгон Барскоон айылындагы «КАРЕК» БӨУ лидери менен биргеликте Барскоон трагедиясынын курмандыктарына 3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө компенсация төлөп берүү жөнүндө соттук чечимдердин кабыл алынышына жетишишти;

Жарандардын укуктарын коргоо – жашоо үчүн укук: ЖКК демилгеси боюнча КРнын борбору Бишкек шаары Сан Эгидио[5] жана Каритас Франс[6] римдик христиандык жамаат өткөргөн өлүм жазасына каршы шаарлар - «Жашоо үчүн шаарлар» эл аралык акциясына кошулушту.

2007

ЖКК юристи Диана Макенбаева мугалими жана ЖКК өнөктөшү Лилия Сопиева менен Тоң районунун 59 мугалимине педагогикалык стажы үчүн 700 000 сомдон ашуун акчалай каражат кошумча төлөп берүүгө сотто мугалимдердин укуктарын коргошту. Аталган прецеденттен кийин Кыргызстандын бардык мектептеринин мугалимдери доо арыздарын жазып, мыйзамдуулукту талап кыла башташты;

Сентябрь айында «Бир Дүйнө - Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын биринчи эл аралык фестивалы ачылды;

2007-жылдын декабрында Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынып, КРнын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилди;

ЖКК мөөнөтүнө чейинки парламенттик шайлоолорду мониторинг кылуу боюнча Таза жана эркин шайлоолор үчүн жарандык өнөктүгүнүн тармагынын мүчөсү болду. «Мен ишенбейм» өнөктүгүнө катышуу менен 2007-жылдын 18-декабрында 27 активист «Ала-Тоо» аянтында тынч митингдер маалында кармалышты;

2008

БУУнун комитети адвокат С. Жайчибековдун 2002-жылдын 18-мартында Аксы трагедиясында уулу Элдияр курман болгон Аксы трагедиясынын курмандыктары А. Таштанбекованын, Ф. Уметалиевдин атынан берилген Кыргыз Республикасына каршы арыз даттануусун канааттандырды. БУУнун комитетинин чечими өнөктөштөрдүн тилектештик тармагынын аксылыктардын укуктарын коргоодо 6 жылдан кийинки биринчи ийгиликтүү тажрыйбасы болду. Кыргызстан тынч убакытта адамдардын өмүрлөрүнүн кыйылып жана коопсуздук камсыздалбай, жарандардын укуктарынын бузулушу үчүн күнөөлүү деп табылды.

2009

БДК Women’s Learning Partnership менен биргеликте аялдардын лидерлиги боюнча окутуу тренингдерин өткөрүүдөгү 5 жылдык кызматташтыгын улантты; «Лидерликти тандайбыз» окуу колдономосу кыргыз тилине адаптацияланып, которулду.

БӨУ жана ЖМК үчүн мейкиндиктин тарышына байланыштуу «Жарандык журналистика» инновациялык долбоору демилгеленип,

2009-жылдын 10-декабрында Франциянын «Эркиндик. Теңдик. Боордоштук» эл аралык сыйлыгына татыктуу болду.

2010

2010-жылдын апрелинде жана июнундагы Ош окуялары маалында чыр-чатактарды тынч жол менен чечүү жана мониторинг жүргүзүү;

Ош шаарында чыр-чатактын Ош шаарындагы жана Ош облусундагы курмандыктары үчүн коомдук кабыл алуу ачылды;

КТРКда аялдардын лидерлиги боюнча 12 радио-тренинг адаптацияланды.

FIDH менен биргеликте укук коргоочу Азимжан Аскаровду улуттук деңгээлде коргоо боюнча соттук иштер жана Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын (FIDH) [7] колдоосунда эл аралык деңгээлде анын кызыкчылыктарын лоббирлөө башталды.

2011

2010-жылдын 7-апрелинде болгон 2-революциянын иштери боюнча сотто коргоо жана юридикалык коштоп жүрүү;
БУУнун адам укуктары боюнча комитети адвокат Нина Зотованын Отабек Ахадов менен Ахмет Гюнандын атынан кайрылуусу боюнча чечим чыгарды. Комитет Кыргызстандын жарандык жана саясий укуктардын эл аралык пактына Факультативдик протоколдун бир нече беренелеринин бузулгандыгын жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарышы керектигин белгиледи.

2012

«Кыймылдагы Борбордук Азия» жарандык-өнөктөштүк платформасынын алкагында 25 БӨУ[8] менен биргеликте эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо.

Жогорку Кеңештин[9] бюджетинин айкындуулугуна мониторинг жүргүзүлдү жана аны Парламент тарабынан натыйжалуу колдонуу боюнча сунуштамалар жөнөтүлдү.

«Бир Дүйнө - Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын мектеп программасынын алкагында социалдык роликтердин биринчи мектеп сынагын уюштуруу;

2012-жылдагы тренингдердин жыйынтыгында 4 областтан катышкан 13 аял жергиликтүү кеңештердин депутаттары болушту[10].

2013

«Жарандар коррупцияга каршы» укуктук борбору» коомдук бирикмесин «Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси катары кайрадан каттоодон өткөрүү;

Кыргызстандагы ювеналдык юстицияны илгерилетүүгө, ошондой эле, өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылынган соттолуучулардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоого багытталган «Альтернатива» үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунун кеңсесинин ачылышы;

Ош коогалаңынын курмандыктарын улуттук деңгээлде коргоо, Адам укуктары боюнча БУУ комитетине арыз даттанууларды жөнөтүү;

 

[1]Кара:

http://www.google.ca/url?sa=t&rct=j&q=&esrc=s&source=web&cd=1&ved=0CB4QFjAA&url=http%3A%2F%2Fwww.legislationline.org%2Fdocuments%2Fid%2F5045&ei=q-i2U-v-MI22yASqloGQAg&usg=AFQjCNF7N9BCU9gaQnUJzZAhbF7B2m_70g
[2]Вебсайт : http://idee.org/
[3] Вебсайт : http://eiti.org/KyrgyzRepublic
[4] Вебсайт: http://eiti.org.kg/index.php/ru/news/24-new11
[5] Вебсайт: http://www.santegidio.org/
[6] Вебсайт: http://www.secours-catholique.org/traduction/english-version/about-us/our-mission,083.html
[7] Вебсайт: http://www.fidh.org/en/eastern-europe-central-asia/kyrgyzstan/ASKAROV-Case
[8] Вебсайт: www.caplatform.org
[9] Вебсайт: http://www.kenesh.kg/
[10] Вебсайт: https://www.facebook.com/wlp.kyrgyzstan?fref=ts

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!

КЫМБАТТУУ ДОСТОР!
САЙТЫБЫЗДЫН КАДЫРМАН МЕЙМАНДАРЫ!
«Бир Дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмеси сизден материалдык колдоо көрсөтүүнү өтүнөт!

Кайрымдуулук

Биздин сын-пикирлер

Шахбоз Латипов

Шахбоз Латипов

Юридикалык билим жөнүндө диплом тажрыйба менен тастыкталышы керек

Шахбоз Латипов 24 жашта, жаш адвокат: “Мен БДКга стажировкага келгенимде юридикалык жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбам жок болчу. Өзүмдөн улуу тажрыйбалуу кесиптештерим менен сот процесстерине катышып, документтерди өздөштүрө баштадым. Бара-бара жетекчим Хусанбай Салиев мага документтерди даярдоону ишенип тапшыра баштады, кылдат текшерип, жөндүү кеңештерин берди. Тажрыйба убакыттын өтүшү жана эмгектенүү менен келет. Күн сайын бизге жардамга муктаж болгон ондогон адамдар келишет, алардын көбү социалдык жактан аярлуу катмардагылар: аз камсыз, көп балалуу, улгайган жарандар. Укуктук уюмдун юристине кээде психологдун функциясын аткарууга туура келет, бул жерде кесипкөйлүктү сактап, эмпатиясын билдире алышы кажет. 2019-жылдын аягында мен адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна сынакты ийгиликтүү тапшырып, адвокат катары иш алып бара баштадым. Оор маселелер боюнча кесиптештериме кайрылам, алар көмөк көрсөтүшөт. Уюмдун эң күчтүү жагы ушунда: колдоо жана түшүнүү бар”.

Феруза Амадалиева

Феруза Амадалиева

Уюм аймактарды бириктирет

Феруза Амадалиева соцкызматкер, лидер педагог: “БДКнын тренингдик окуулары аймактардагы катышуучулар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берет, биз соцтармактарда пикир алышуубузду улантабыз, иш-чараларда жолукканыбызда жакын достордой көрүшөбүз, биздин ортобузда абдан жылуу мамиле орун алган! Иш-чараларда мен өз билимимди кеңейте алдым, системалаштырдым, практика жүзүндө кантип колдонуу керектигин тастыктадым. Мага модулдар, окутуу системасы жана практика: ролдоштурулган оюндар, теория, талкуулар абдан жагат. Ар бир адам ачылат. Мен башка аярлуу айымдар үчүн лидер болууга жетиштим, аларга жардам берүүгө жана ушул сыяктуу иш-чараларга тартууга аракет кылам”. Феруза Амадалиева БДК уюштурган көптөгөн иш-чаралардын туруктуу катышуучусу, аярлуу катмардагы аялдарга укуктук кеңештерди берүү үчүн БДКнын юристтерин чакырып турат.

Нуриза Талантбек кызы

Нуриза Талантбек кызы

Өзүмдө ишенич пайда болду

Нуриза Талантбек кызы 2019-жылдын жайында даректүү тасмаларды аймактарда көрсөтүүгө активдүү катышкан, кыйноолордун курмандыктарын коргоо күнүнө арналган өнөктүктү өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардам берген, сапарларга барган, аялдардын лидерлиги боюнча тренингдик окуулардан өткөн. Ал буга чейин мигранттык турмушту башынан кечирген, Ошто бейөкмөт уюмдардын биринде иштеген, азыркы учурда Бишкекте кызмат көрсөтүү жаатында иштейт. Тренингдик окуулардан өтүшүн ал “баа жеткис тажрыйба” деп эсептейт. “Менин мындай иш-чараларга биринчи жолу катышышым, андан мага абдан керектүү маалыматтарды алдым, бул үчүн уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдо оор учурлар болгон, мен алган билимдеримдин артында аларды жеңе алдым, күчтөндүм! Тренингдик окуулардан кийин өзүмө ишенич жаралды, адам укугунун маңызын терең түшүнүп, өз кызыкчылыктарымды коргоого үйрөндүм”.

Шукурулло Кочкаров

Шукурулло Кочкаров

Соттолуучу каза тапты. Аны реабилитациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Шукурулло Кочкаровдун иши оор иштер боюнча жумуштар уланып жатканын айкындап турат. Ал 2010-жылдагы кыйноолордон кийин майыптыкка учурады. Тагылган айыптардын бир беренеси боюнча акталууга жетишти, аны реабилитациялоо жана зыяндын ордун толтуруу үчүн кыйноолордун курмандыгы катары таануу боюнча иштер жүрүп жатат. Соттор Шукурулло Кочкаровсуз улантылууда – ал 2019-жылдын 2-августунда көз жумду. Анын кызыкчылыктарын атасы Саидазиз Кочкаров жактоодо, ал дагы көзүнүн көрүүсү боюнча майып. “Бизди көп жылдардан бери БДК кызматкерлери колдоп келе жатышат, менин уулумдун ишин алып барышууда, аны сотко алып келишти, анткени, ал өз алдынча кыймылдай албай калган, биздин үй-бүлөгө ар убакта жардам беришет: аялым экөөбүз тең реабилитациялоо курсунан өттүк, уулумду дары-дармектер менен камсыз кылууга жардам беришти, ар кандай жардамдарды көрсөтүштү”.

Дильер Джумабаев

Дильер Джумабаев

Кыйноолордон жабыр тарткандарга ар тараптуу жардам

Кара-Суу районунун тургуну Дильер Жумабаев укук коргоо органдары менен пикир алышууда чоң тажрыйбага ээ. 2010-жылы ага курал-жарактарды сактоо боюнча айып тагылган, юристтердин ишинин натыйжасында ал акталган. Эки жылдан кийин анын үйүндө экстремисттик мүнөздөгү материалдарды табуу максатын көздөгөн биринчи тинтүү жүргөн, бирок, эч нерсе табышкан эмес. 2014-жылы аны экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн айыптышкан. Сотто прокурор 15 жылга эркинен ажыратууну сураган, сот 6 жылга эркинен ажыраткан. Бир нече жылдан кийин ал шарттуу-мөөнөтүнө чейин бошотулган. “Мен БДКнын квалификациялуу укуктук жардам көрсөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Кыйноолордон жабыркагандарды реабилитациялоо курсуна катыштым. Ар кандай укук бузууларга туш келгенде ушул уюмга кайрылууну сунуш кылам”.

Партнерлор

Бардык укуктар корголгон © 2020

Сайтты иштеп чыккан: http://webformat.kg